www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай парламентинин туруктуу комитети Гонконгдо улуттук коопсузукту камсыздоо боюнча мыйзамды кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Мыйзам 1-июлда, Британиянын мурдагы анклавы болгон Гонконгдун Кытайга өткөрүлүп берилгендигинин 23 жылдында күчүнө кирет.

SCMP маалымдагандай, мыйзамды комитеттин 162 мүчөсү бир добуштан колдоду.

Бээжин мыйзам мамлекеттик бийликке каршы тургандар менен күрөшүүгө багытталганын билдирүүдө.

Ага ылайык, Кытайдан бөлүнүүнү жактагандар, мамлекеттик бийликке баш ийбегендер, чет өлкөлүк күчтөр менен байланышта болгондор катаал жазага тартылат. Маселен, өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Британия 1997-жылы Гонконгду өзгөчө укуктарга ээ, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайдын карамагына өткөрүп берген. Бээжин Гонконгду “бир өлкө, эки система” формуласына ылайык башкара турганын, ички саясатына кийлигишпей, кеңири автономия берерин убада кылган.

2019-жылдын июнунда Гонконгдо бир миллиондой адам кылмышкерлерди расмий Бээжинге өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы чыгышкан. Ошондон бери Гонконгдо толкундоолор уланып келет.

Бээжин нааразылык акцияларын чет мамлекеттер козутуп жатканын билдирип, “коопсуздук жөнүндө мыйзам” иштеп чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости