www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой коронавирус илдетине чалдыккандар жана пневмониянын оор формасы менен ооругандар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу төрт жумалык карантин киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Анын айтымында, төрт жумалык карантин киргизилгенден кийин августтун аягына карата күнүнө COVID-19 жуктурган 2 500 жаңы учурдан катталышы мүмкүн. Карантин болбосо, бул сан күнүнө 27 миңге чейин жетиши ыктымал.

Цой вирустун жайылуусун токтотуу үчүн төрт жумалык карантин киргизүү кыйла натыйжалуу болот деп эсептейт. Анын айтымында, мамлекеттик комиссия карантинди күчөтүү чечимин жакынкы убакта жарыялайт.

Министр ошондой эле 10-июндан тартып анализинен коронавирус табылбаган, бирок пневмониянын оор формасы менен ооруган бейтаптар көбөйгөнүн кошумчалады. «Акыркы күндөрү пневмониянын мындай учурлары боюнча 2,5 миң жаңы учур катталды», — деди министр.

Казакстанда пневмония менен ооругандар көбөйүп жаткандыгы эки жумадан бери кабарланууда. Бийликтин маалыматы боюнча бул аралыкта Актөбө облусунда эле өпкөнүн сезгенишинен кеминде 62 киши каза болду. Күн сайын Караганда, Түркстан, Павлодар жана Мангистау облустарында пневмония менен ондогон бейтап ооруканаларга жаткырылууда.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 40 миң кишиге жакындап, 188 бейтап каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости