www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызгидромет борборунун маалыматына таянсак, эртең, 1-июлда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 м/с чейин күчөйт.

Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +12…+17, күндүз: +37… +32,

Таласта түнкүсүн: +10…+15, күндүз: +26…+31,

Баткенде түнкүсүн: +16… +21, күндүз: +29…+33,

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +16…+21, күндүз: +29…+33,

Ысык-Көлдө түнкүсүн: +8…+13, күндүз: +17…+22,

Нарында түнкүсүн: +6…+11, күндүз: +18… +23,

Бишкекте түнкүсүн +14…+16, күндүз: +30…+32.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости