www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Самаркандда 27-июнда төрөлгөн сиам эгиздеринин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Сиам эгиздери кычкылтек жетишсиздигинен улам интенсивдүү терапия бөлүмүнө жаткырылган. Адистер кошумча иликтөөлөрдү жүргүзүшүүдө.

Эки баштуу бала Самарканд облусунун перинаталдык борборунда кесерева жолу менен төрөлгөн. Ымыркайдын эки колу, эки буту, бир жүрөгү, төрт бөйрөгү бар. Анын салмагы - 4,6 килограмм, бою - 48 сантиметр.

29-июнда сиам эгиздеринин абалы начарлап, Самарканд облустук балдардын көп профилдүү медициналык борборуна которулган.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзбекстанда сиам эгиздери болгон эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости