www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын президенти  Си Цзиньпин декабрь айында жаңы тип коронавирус эпидемиясы  башталган Хубэй аймагына караштуу Ухань шаарына барды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Жалпы өлкөдө эпидемия азайган бир мезгилге туш келген сапарда Си Цзиньпин 10 күндө курулган Хуосиньсан ооруканасында иликтөө жүргүзүп, бейтаптар менен жолугушту.

Кытайдын президенти эпидемия алгач башталган мезгилде жабык каалгалар артында эпидемиянын башкарылышы тууралуу жыйындарды өткөрүп, андан кийин борбор шаар Пекиндеги бир ооруканага медициналык бет маска тагып  барган.

Эске сала кетсек, 11-марттагы маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча жаңы типтеги коронавирусту 119 086 адам жуктуруп, анын көбү сакайды (65 762). Ал эми каза тапкандардын саны 4 284кө жетти. Илдет көп катталган өлкөлөр Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея жана Франция болууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости