www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 8-10-мартта болуп өткөн ызы-чуулуу, кыргыз салтына туура келбеген «Аялдардын шериктештик маршына» социалдык тармактарда ар кандай пикирлер айтылууда. Фейсбук колдонуучу Жунис Бекжанов экс-президент Роза Отунбаеванын митингге чыгып, гей, лесбиянкаларды колдогонун туура эмес деп эсептейт.

"Урматтуу Роза Исаковна, кылган кызматыңызды эл баалап, пенсияга узатты. Ал кызматыңызды эл канчалык туура баалады, ал экинчи суроо.
1. Мен билгенден 80 000 сом пенсия алат экенсиз.
2. Мамлекет бөлгөн 6 жан сакчыңыз бар экен.
3. Эки айдоочусу менен кызматтык унаа каралган, күнүмдүк күйүүчү майы менен.
4. Кызматтык үй жана 2 үй кызматкери бөлүнүптүр.
5. Коммуналдык кызматтардын акысын да эл төлөйт.

Бул маалыматтар интернет булактарынан алынды.

Эл сиздин эмгегиңизди баалап, ушунчалык сый көргөзүп жатса, сиз деле, ошол элдин каада салтын, үрп адатын сыйлап койсоңуз жакшы болмок. Аялдардын укугун коргоочу болумуш болуп, гейлерди, лесбиянкаларды колдоп, аны кыргыздарга жайылтууга аракет кылып жатканыңыз уят. Зомбулук көргөн аял кыздарыбызга барганыңызды көргөн же уккан жокмун. 8-март биздин апалардын, жаз айындагы жаркын майрамы эле. Эки жылдан бери апалардын майрамы майрамдалбай, элдин арасына ызы-чуу салып келе жатасыздар. Өзүңөр айткандай чын эле аялдардын укугун коргойм десеңер, эмнеге 6-мартта, же 1-мартта, иши кылып 8-марттан башка күнү өткөрбөйсүңөр. 8-мартта ушул митингтерди өткөрүү менен, аялдардын майрамын тепсеп жана майрамдык маанайды бузуп жатасыңар. Аялдарга болгон зомбулука мен да каршымын, бирок аялдарыбыздын атына жамынып, элибизге терс салттарды жайылтууга эки эсе каршымын." - дейт Бекжанов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости