www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илгери кыргызда гейлер болгон эмес, Гей-Люссак, Сер-Гей  сыяктуулар Европада гана болушкан. Албетте, кыргызда өз күйөөсүн чангандар илгертен толтура болушкан.  «Азаттык» үн алгысынын кабарчысы: «Гейлер болгон, болуп жатат жана боло берет» деп байыркы грек философторун туурап жазып жатат. Эсеби, алар: «Тиричилик болгон, болуп жатат жана боло берет» - деп жазышса керек. Философ боло калган «Азаттыктын»  кабарчысы муну гейлерге байлай салганы менен, бир тырнактай фактысы жок. Анткени, чындык гейлер мурун кыргызда болгон эмес.  Батышта болсо боло берсин, кыргызда, Гейлер болгон эмес, бир аз санда  болумуш болуп жатат жана болушу мүмкүн эмес. Анткени, Батыш европалык цивилизация менен Чыгыш азиялык цивилизациянын ортосунда айырмачылык бар. Балким, «Камасутраны» жазышкан Индияда гейлер болгондур, бирок көчмөндөр цивилизациясында болууга да мүмкун эмес. Азыр Гейлерди маданияттын Туу чокусу эсептешкен Батыш маданиятын Чыгыш маданияты туурабайт деп эсептесе болот. Ал эми «Азаттык» болсо Батыштан алган 6 млн. долларды акташ үчүн "Аялдар туубагыла, чай куйбагыла, тамак жасап, кир жуубагыла, үй жыйнабагыла», ал эмес «күйөөгө тийбегиле» деген чакырыктар менен чыккандарды өз кабарчысы Ыдырыс Исаков аркылуу ачык колдоп чыгып жаткандай.

"Мен кыздар тараптамын, гейлер илгери деле болгон", - дейт «Азаттыктын»  кабарчысы. Бирок азыркы замандагы «Гей» эмес Англияда XVII кылымда колдонулуп, азыр мааниси башкага өтүп кеткен «Гей» жөнүндө айтсак анда кошулсак болчудай. Ал кезде жеңил ойлуу аялзатын «Гей» деп аташкан. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда согушка кеткен кыргыз күйөөсүн чанып, казак Даниярды колунан жетелеп ээрчип кеткен Жамиланы жеңил ойлуу аялзатынын катарына кошуп койсо болот. Азыркы муун Голливуд тарткан көркөм фильм боюнча Улуу Ата Мекендик согуш учурунда күйөөлөрү майданга кетишсе эле аялдары жеңил ойлуулукка барып, ар кимдин колун жетелеп кете бергендей сезилет. Бул жерде бир Жамила үчүн канчалаган өз күйөөлөрүнөн кара кагаз келсе да үмүт үзбөй күтүшкөн ошол мезгилдин аялзатына зак кетип жатат? Көп кыргыздарга кайталап кара кагаз келе берген экен. Анткени, чоң согуштарда ок жеп жарадар болуп, башка санитардык бөлүмгө түшүп калгандар же чабуул учурунда өз бөлүмүнөн адашып калгандарга, тил билбегендин айынан башка бөлүмдөргө кошулуп кеткендерге өз бөлүмүнөн туулган жерине «өлдү» деген кара кагаз жиберишчү экен. Бирок, кийин тирүү чыгышчу туура, ошондуктан «өлдү» деген  кара кагаз келсе дагы аялзаты өз күйөөлөрүн үмүт менен күтүшчү экен. Анын барын бир Жамила бырын-чырынын чыгарып кетти, анткени Айтматовду бүт дүйнө окуйт. Ошондуктан, «Жамиланы» окуп, Голливудда тартылган киносун көргөндөр кыргыз аялдары эркек көрсө эле колунан жетелеп өз күйөөсүн чанып качып кеткен деген түшүнүк уялашы мүмкүн.

Каарман катары Жамиланы жеңил ойлуу деп эсептеп койсок жаңылбайбыз. Ал эми  XVII кылымда  Англияда «Гей» деп, так ушундай жеңил ойлуу аялзатын айтышкан. Анда  «Азаттыктын»  кабарчысынын «гейлер илгери деле болгон" –деп айтканы логикалык жактан алганда туура болуп калат. Бирок «Гей» деп айтылган сөздүн мааниси убакыт өткөн сайын өзгөрүп турат. XVII кылымда  Англияда «Гей» деп жеңил ойлуу аялзатын айтышса, андан кийин сойкуларды «Гей» дешкен. Өткөн кылымдын башынан баштап «Гей» деп гомосексуалисттерди же адаттан тышкары мыйзамдар менен жашагандар айтыла баштаган. Азыркы мезгилдерде кээ бир мамлекеттерде «Гей» деп эркек эркекти сүйүп, баш кошуп жашашса айтышат. Ал эми эки аял бири-бирин сүйүп жашап никеге турушса, буларды «лесбиянкалар» дейт. Баягы эле англис тилинде аялбы, эркекпи бардык гомосексуалдарды «Гей» деп аташат. Ошол эле мезгилде гейлерге байланыштуу ЛГБТ деген сөз кирген, чечилгенде лесбиянкалар (Lesbian), гейлер (Gay), бисексуалдар (Bisexual) жана трансгендерлер (Transgender).  «Азаттыктын» кабарчысы сөз улам өзгөрүп маанисин жоготуп турарын биле жүрсө жакшы болмок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости