www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия, Казакстан тарапка курулган логистикалык борборлор өз жемишин бере баштады. Бул логистикалык борборлорго дыйкан-фермерлер өндүргөн азык-түлүктөрүн, ишкерлер продукциясын алып келишип, ортодо эки жактан эптеп жешип күн көрүшкөн алып сатар-ортомчулар азайды. Муну Кыргыз Республикасында курулуп, иштеп жатышкан логистикалык борборлор далилдейт.
Бирок, Кытайга логистикалык борборун ачуудан сактанышыбыз керек. Себеби, Кытай менен ШКУ боюнча жамаатташ болгонубуз менен, ШКУну Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана башка мурунку советтик республикалар стратегиялык өнөктөш катары көрүшөт. Ал эми Кытай ШКУну экономикалык жактан өнөктөш кылып, бажылар эркин болушун ойлойт. Биздин мындай өнөктөштөрүбүз бар, ал ЕврАзЭК же Бажы Биримдиги, бул өнөктөштөр менен экономикалык жактан тыгыз байланыштабыз, ал эмес Бажылар тараптан өтүшүбүз жеңилдетилген шартта каралып турат. Кокус, Кытайга ушундай шарттарды түзсөк эртең бир жарым миллиард кытайлыктар каптап кетпейби?
Кытай инвестициясы Кыргызстанда
Кытай башкы инвесторлорубуздун бири болуп саналат. Бүгүнкү күнү кытай ишканаларынын саны 397ни түзөт, мындан тышкары 177 кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары бар. Кытай инвестициялаган ири ишканалардан түшкөн салыктын көлөмү 2020-жылы – 3,8 млрд сомду (2019 - жылга салыштырмалуу өсүү 20%) түзгөн. Кытай Өкмөтү Кыргыз Республикасына ири гранттык жардам көрсөтүп келет, алар биринчи кезекте өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана кыргыз элинин жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган.
Атап айтканда, кеп жол инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык объектилерди куруу тууралуу болуп жатат. Бишкек шаарында жолдорду реконструкциялоо жана курууга 100 млн АКШ долларынын тегерегинде каражат бөлүнгөн.
Мындан тышкары, Ош шаарында 26,4 млн АКШ долларына бааланган заманбап оорукана комплекси курулган. Ошондой эле, баасы 32 млн АКШ доллары турган ирригациялык тутумду өнүктүрүү боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.
Коомчулукта айтылган терс көз караштар
Официалдуу маалыматтар боюнча 2020-жылы Кыргызстандын аймагына 35 миң 215 Кытай Эл Республикасынын жараны келген, 2019-жылы 41 307 жаран келген, салыштырмалуу азаюу байкалууда. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынан 34 миң 436 кытайлык жаран чыгып кеткен. 2019-жылы – 40 690 жаран чыгып кеткен.
Ошондой эле, 2020-жылы республикабыздын аймагында катталган Кытай жарандарынын саны 24 миң 836 адамды түзгөн. Алардын ичинен 25 Кытай жараны Кыргыз Республикасынын аймагында жашоого уруксат алган. Мындан тышкары акыркы 10 жылда Кыргыз Республикасынын жарандыгын 268 Кытай жараны алган, алардын ичинде 171 – этникалык кыргыз, 72 – этникалык уйгур, 9 – өзбек, 6 – кытай, 9 – дунган жана 1 – казак бар.
Акыркы мезгилдерде коомчулукта бизде Кытай жарандарынын жүрүүсүнө тийиштүү жана Кытай жарандары тарабынан Кыргызстанды экспанциялоо жүрүп жатат деген сыяктуу ар кыл маалыматтар таркатылууда. Бул чындыкка жатпайт дешет бийлик атка минерлери. Бул теманы биздин эки тараптуу мамилелерге зыян келтирүүгө аракеттенген адамдар жайылтууда. Эмки жылы биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толгондугун белгилейбиз.
Бул жылдар аралыгында биздин өлкө үчүн Кытай ишенимдүү өнөктөш жана жакын коңшулук мамиледеги өлкө болду. Кыска мезгил аралыгында биз мамилелерибизди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгарууга жетиштик. Кыргызстандын эгемендүү жылдарында Кытай бизге ар дайым колдоо көрсөтүп келүүдө, мунун ичинде кайтарымсыз жардамдар да бар.
Азыркы кезде мамлекеттик долбоорлорго кытай инвестицияларынын жалпы көлөмү 2,1 млрд АКШ долларын түздү, аталган каражаттар жол инфрастуктурасын жана энергетикалык секторду жакшыртууга багытталды. Бирок буларды кайра кайрый турган да убак келет.
Социалдык тармактардагы кээ бир чагымга алдырган чакырыктардын жайылтылышы боюнча аракеттер жана түрдүү акциялардын баары мыйзамсыз жана бул өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга багытталып турат. Деструктивдүү мүнөздөгү жалган маалыматтарга алдырбайлы.
Ооба, логистикалык борборлордун Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн абдан кереги бар. Бирок өнөктөш Кытай тарапка логистикалык борбор куруудан сактана турушубуз керек.
Булак: NazarNews.kg