www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вакцинация дагы ийгиликтүү болбой калды, эмдөөгө чейин эле маалыматтык чочулоо болду. Мындай пикирин журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн баракчасына жазып чыкты.
«Уу коргошун» коронавирусту дарылоо үчүн өндүрүшкө кабыл алындыбы? Саламаттыкты сактоо министри расмий түшүндүрмө бербесе элдин башы айланып калды. Жарымы жакшы дейт, көпчүлүгү ичсе адам өлөт дейт. Эксперимент жүргүзүлдүбү? Өтө опурталдуу дарылоо ыкмасын тандап алган жокпузбу?
Вакцинация дагы ийгиликтүү болбой калды, эмдөөгө чейин эле маалыматтык чочулоо болду.
«Уу коргошун» эми кайчы пикирлерди жаратты, өлүп калат дегендер ачык эле айтылууда. Бул дарылоо ыкмасы сунушпу же жаңы протоколбу?
Биздин эл билип-билбей эле «иий жакшы имиш» деп колдонуп алышчу эле, кырып албайлы. Маалыматтык түшүндүрүү иштерин ыкчамдатыңыздар», - деп белгилеген ал.
Булак: NazarNews.kg