www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Оперативдүү кызматкер тергөөчүнүн, соттун, прокурордун колусуз, көзөмөлүсүз, уруксаты жок эч кыймыл аракет кыла албайт», - деди бүгүн, 16-апрелде NazarNews маалымат агенттигине юридика илиминин доктору жана экс-депутат Турдукан Жумабекова.

«Бизде дайыма кылмыш болгондон кийин ага күнөлүүлөрдү издеп, кимдир бирөөлөрдү садагага чабуу менен алек болобуз. Коомчулукту башка жакка бурганга аракет кылабыз. Эмне үчүн ушундай оор кылмыштар болуп жатат? Эмне үчүн алдын алуу аракеттер жасалбайт? Мунун себептери эмнеде? деген негизги өзөктүү нерселерди карабайбыз. Ким жоопкерчиликтүү деген маселелерге эч токтолбойбуз.

Мына соттук реформа деп 5 кодексти кабыл алышты. Бул мыйзамдар ИИМдин ыкчам иликтөө кызматынын ишин шал кылып талкалап салды го. Мыйзамдарды ордуна койбосок, оперативдүү кызмат, система толук талкаланат. Иштеп жаткан кодекстердин таш-талканын чыгарууга негиз жок болчу.

Бул реформа 2016-жылы башталып, 2017-жылы Жогорку Кеңеш кабыл алган. Ар кандай донорлук уюмдар, бейөкмөт уюму гумандуу кодекстин терисине жаманып зордоп өткөрүшкөн бул мыйзамдарды. Өткөндө 3 жылдык анализ берилди. Башкы прокуратуранын анализин уктук, Жогорку соттун, ИИМдин, жактоочулардын, юристтердин анализдерин окуп чыктык. Күч структуралардын ишин шал абалага алып келгенин баары чырылдап айтышты.

Ал Айзаданын өлүмүндө анык билинди. Бул ИИМдин бүтүндөй кылмыш ачуу ишин «хаоско» алып келди десек болот. Оперативдүү кызматкер тергөөчүнүн, соттун, прокурордун колусуз, көзөмөлүсүз, уруксаты жок эч кыймыл аракет кыла албайт.

Мына ушундан улам Айзаданын окуясында оперативдүү кызмат ишти ыкчам алып бара албай калды. Айзаданын өлүмүнө ИИМ эмес, Жогорку Кеңеш түздөн-түз жооп бериши керек», - деп белгиледи Турдукан Жумабекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости