www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэриясынын кызмат адамдары 43 миллион сомдон ашык бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаардык администрациясынын жооптуу кызматкерлерине карата, КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмүндөгү («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.

Такталгандай, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жана Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдары бюджеттик каражаттарды үгүт иштерине жана жеке кызыкчылыктарга жумшоо максатында, Бишкек шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 8-июнундагы №60-«Бишкек шаарында жарандык демилгелердин долбоорлорун ишке ашыруу тартиби жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү жөнүндө» токтомун кабыл алуу менен бюджеттик каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө, 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында мыйзамсыз механизм түзүлгөн.

Ошол эле учурда, бул жарандык долбоорлор жалаң гана БШКнин жана Бишкек шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин демилгеси менен ишке ашырылып, натыйжада 43 миллион сомдон ашык суммадагы бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алуу иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле, долбоорлорду ишке ашырууну Бишкек шаарынын мэриясы эмес, түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылган.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости