www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай бийлиги Шинжаңдагы уйгурларга кишинин эмоционалдык абалынан тааныган камераны сыноодон өткөрүүдө. Бул үчүн жасалма интеллект технологиясы колдонулуп жатат.

Ысымын жашыруун калтырууну өтүнгөн программалык камсыздоо боюнча адис ырастагандай, мындай камералар полиция бөлүмдөрүнө орнотулган. Бул тууралуу материалдарды көрсөтүшкөндө, укук коргоочу аял муну үрөй учурарлык деп мүнөздөдү.

Кытайдын Лондондогу элчилиги бардык этностор саясий жана социалдык укуктар менен камсыздалганын белгилеп, конкреттүү айыптоолорго жооп берген жок.

Шинжаң - 12 миллион уйгурдун мекени жана алардын көпчүлүгү мусулмандар. Провинциянын тургундары такай көзөмөл алдында. Бул жерде укук коргоочулар "катаал режимдеги лагерлер" атаган "кайра тарбиялоо борборлору" бар. Болжолдуу маалыматтарга караганда миллиондон ашуун киши ушул лагерлер аркылуу өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости