www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө курулуш тармагында абал өтө оорлоп кетти. Мындай пикирди Кыргызстандын курулушчулар бирикмесинин төрагасы Аскарбек Молдобаев билдирди.

"Негизи азыр коомчулукта аябай жаман нерсе пайда болуп калды, "курулуштан пайда көбөйүп кетти", "ушулар байып кетти" деп эле ушул тармактагыларга көз артып калышты. Анан ушулардан бирдемени өндүрүп алабыз дегендер көбөйдү. Үйлөр мыйзамдуу болгон күндө дагы, бардык процедуралардан өтүп ишти баштап жаткан күндө дагы, кайсы бир кызматтагылар келип ар кайсы шылтоону айтып чыгышат. Алардын оозун басууга аргасыз болосуң. Мамлекеттик курулуш мекемеси уруксат берген күндө дагы, кайра-кайра текшерип туруп алышат. Башкы прокуратура - көзөмөлдөөчү орган да, тиягына да, биягына да тартпай, жыйынтык чыгарышы керек. Баары дебейм, бирок арасындагылары курулушту дароо эле жаап, кылмыш ишин ачып, сотко берип кысымга алганга өтүп алышты. Кыскасы, бүгүн курулуш тармагында абал өтө оорлоп кетти", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости