www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уулуу калдык менен кошо 106 тонна алтын жатканы айтылат.

Калдык сактоочу жайдан чыккан сууну атайын жабдуулар тазалап, зыяндуу заттардан арылтышы керек. Себеби ал агып барып эл иче турган Кумтөр суусуна куят.

Деген менен Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова азыркы учурда суу цианид кошулмасы менен эле агып жатканын белгиледи.

"Бул суу, албетте, текшерилет, компания өндүрүштүк мониторинг жүргүзөт. Өздөрү текшергенде цианиддин калдыктары бар деген маалыматтар чыгып жатпайбы. 2012-жылы Германия, Словениянын лабораториясы, парламенттик комиссия иштеп жаткан учурда Улуттук ядролук борбор, Кадамжай санэпидем борбору, 4-5 лаборатория текшерип, баарынын эле маалыматтары окшош чыккан. Оор металлдардын концентрациясы ашып кеткени айтылган. Цианид болгон. Азыр деле мындан чыгып жаткан сууда цианиддин калдыгы бар", — деди Кутманова.

Ошондой эле ал калдык сактоочу жайдын жыл сайын катмары калыңдашы, анын үстү жагындагы Петров көлүнүн жээги жакшы бекемделбегени да кооптуулук жаратып жатканын айтат.

"Мунун эле өйдө жагында, маңдайында Петров көлү бар. Экөөнүн аралыгы 5 чакырым. Ошонун суусу ашып келсе бул жакты дароо жууп кетет. Дамбадагы цианиддин баары Кумтөр суусуна кетет", - деди өлкөнүн башкы экологу.

Буга чейин Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров бул жердеги 106 тонна алтын өлкө эсебине өткөрүлөрүн айткан. Анын билдиришинче, беш-алты жылда баарын казып алып, 5,2 миллиард доллар пайда тапса болот. Адистер мунун техникалык долбоорлоо негиздемесин бир жылдын ичинде даярдайт.

Учурда кыргыз өкмөтү ошол алтынды жана казып алуунун технологиясын изилдеп жаткан учуру.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости