www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"2019-жылкы кабыл алынган жаңы 5 кодексте көптөгөн кемчиликтер бар", - деди ИИМдин оперативдик кызматкерлеринин ардагерлер кеңешинин мүчөсү Нурлан Абдылдаев.

--"2019-жылкы кабыл алынган жаңы 5 кодексте көптөгөн кемчиликтер бар. Адамдардын укуктарына байланышкан ката көп. Учурда кайрадан азыркы жаңы Баш мыйзамга дал келтирип, ушунун үстүндө катуу иштеп жатабыз. Мындагы жаңы ченемдерди, улуттук идеологияны, маданиятты жана башкаларды дал келтирүүгө багытталууда. Эң башкысы жазык кодексинде катачылыктар көп. Чоң маселе кылмышка каршы күрөшүүдө тартип сакчыларынын буту-колун байлап коюшкан. Азыркы мыйзамдар тийиштүү органдарына ылайыктуу болуп жатат. Антпесе кылмыш менен күрөшүүдө алар кыйналып жатат. 

Бир жуманын ичинде жыйынтыктап, жетишкен ийгиликтерди коомчулукка чыгарып, түшүндүрүп беребиз. Учурда окумуштуулардын катышуусунда кызуу талкуу жүрүүдө. Мен буга чейин көптөгөн мыйзам талкууларына катышкам. Бирок азыркыдай чоң талкууну көргөн эмесмин. Талаштан тактык жаралат дегендей, аягында жакшы чечимге келебиз.  Биздин мамалекеттин жарандары буга катуу көңүл буруп жатканы мени кубандырып жатат. Ошондуктан тартип сакчыларына укук коргоо тармагына кайдыгер карабайлы дейт элем.

Азыр 60тан ашык адамдын катышып жатат.  Бул эмгек менен өлкөгө жакшы пайда алып келебиз", – дейт ИИМдин оперативдик кызматкерлеринин ардагерлер кеңешинин мүчөсү Нурлан Абдылдаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости