www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын директору Адил Назаровду белгисиз адамдар ишине токсоолдук кылып, коркутуп жатканын социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
--"Урматтуу мекендердеш, ачык сүйлөшүп, баарын ачык айтууну чечтим. Менбул тармакта иштегениме 4 ай болду. Ушул аралыкта көптөгөн жакшы жыйынтыктарды көрсөттүк. Көптөгөн туура эмес иштерди тууралап, тартипке алып келдик. Анча-мынча туура эмес иштерге бөгөт койдук. Азыр болсо бирөөлөр мени жумуштан алуу аракеттерин көрүп жатышат. Мунун негизги себеби, бир заводго тендер ойнотмокпуз. Буга байланыштуу мени иштетпегенге аракет кылып башташты. Буларды ким экенин жакшы билем, бизде иштеген эле балдар. Алар Садып Жапаров менен түз сүйлөшөбүз, биз чечбиз дешүүдө. Биздин жумушка тоскоолдук кылып, керек болсо буга чейинки иштеримди аңтарып, милиция кызматкерлерин жиберип, үйүмө чейин текшертип жатышат. Андыктан мен чындык үчүн баарына турам. Мен ушуну алдын-ала жалпы журтка жетикирип коёюн деп чечтим. Бул адамдар мэрдин, Жапаровдун атын пайдаланып, бизнес кылабыз деп жатышат", - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg