www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нота менен кайрылган тажик делегациясы Бишкекке келет

Кыргыз-тажик чек ара маселесин талкуулап жаткан эки тараптуу жумуш тобунун кезектеги жыйынын Бишкекте 8-июндан 13-июнга чейинки аралыкта өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу 29-майда Кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди.

Бөрүбаев тажик делегациясынын Бишкекке келерин күтүп жатышканын, ортодо диалог бар экенин айтты:

“Ооба. Диалог жана контакт бар. Алар келерин айтып нота менен кайрылышкан, биз келгиле деп жооп бергенбиз”.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Бөрүбаевдин айтымында, бул окуядан кийин эки өлкөнүн чек ара боюнча жумуш тобу эки жолу жолугушуу өткөргөн. Алардын бири Ошто, экинчиси Дүйшөмбүдө өткөн жана 30 чакырымдай чек ара тилкеси талкууланган.

Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Казактан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн. Өзбекстан менен 95 процентке жакыны такталган.

Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости