www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыркы жылы Кытайда бир бала бакчада 25 баланы уулаган жана бирөөсүнүн өлүмүнө себеп болгон мугалим өлүм жазасына тартылды.

БиБиСиде орун алган кабарга караганда сот делегациясынан берилген маалыматта былтыркы жылы Сяозуодогу бир бала бакчада балдардын тамагына жогорку өлчөмдө натрий нитратын кошуп уулануусуна себеп болгон Ванг Йунга өлүм жазасынын берилгендиги билдирилди. Вангдын уруша кеткен бир кесиптешинен өч алуу үчүн окуучуларынын тамагына натрий нитратын кошкондугу билдирилип, Ванг уулаган 25 баладан бирөөсүнүн көз жумгандыгы эске салынды. Маалыматта Вангдын мурунку күйөөсүнүн тамагына да натрий нитратын кошуп уулагандыгы бирок күйөөсүнүн дарылангандыгы билдирилди. Кытайда 2002 -  жылы Нанжингде чычкан дарысы кошулган тамактарды жеген 42 кишинин каза болгондугу билдирилген. 42 кишинин көпчүлүгү да окуучулар болгон. Тамакты уулаганы ортого чыккан киши өлүм жазасына тартылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости