www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус жана пневмония менен дагы 147 адам катталды. Бул санды кошкондо өлкөдө жалпы 46 миң 669 адамга коронавирус жукту, деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Жаңы катталгандар:

Бишкек шаарында 19 адам;

Ош шаарында 13 адам;

 Чүй облусунда 10 адам;

 Ош облусунда 34 адам;

 Талас облусунда 2 адам;

 Ысык-Көл облусунда 11 адам;

 Жалал-Абад облусунда 41 адам;

 Баткен облусу 17 адам.

Жаңы айыккандар:

 Бишкек шаарында 8 адам;

 Ош шаарында 8 адам;

 Ош облусунда 51 адам;

 Чүй облусунда 4 адам;

 Талас облусунда 1 адам;

 Нарын облусунда 2 адам;

 Ысык-Көл облусунда 14 адам;

 Жалал-Абад облусунда 6 адам;

 Баткен облусунда 24 адам.

Кыргызстанда 46 миң 669 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталса, алардын ичинен 42 миң 879 адам айыкты.

Ошондой эле 12 медик коронавируска кабылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Бишкекте 3, Ошто 3, Жалал-Абад облусунда 6 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды.

"Ал эми бир суткада ооруканалардан 6 медкызматкер жана үй карантининен 10 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3255 учур катталды, алардын ичинен 3008 медкызматкер айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 30-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 147 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 46 миң 669ду түзөт. Алардын ичинен 42 миң 879 киши айыгып чыкты, 1 миң 64 адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости