www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Таң алдында" сериалында эң эсте калган эпизод сабаган жери болду. Жөн гана съемка болсо дагы мен үчүн чоң таасир калтырды. Кадимкидей коркуп, съемкадагы өнөктөшүмөн качып жүрдүм. Ал бир эмес бир нече дубльдан турду. Тартуу ишинен эле ушунча таасир алып атсам, зомбулукка учураган аялдын, же баланын психикасы эмне болду элестет? Мындай пикирин теле журналист Назира Айтбекова интернет баракчасы аркылуу билдирди.

Күйөө десе эле шашабыз! "Кыздын бараар жери күйөө" деп, кызды улам кууп, "Качан эрге тиесиң? Кара далы болуп кеттиң!" деп атып жанын сууруп атып эптеп эрге беребиз! "Эптеп" сөзү туура колдонду! Эптеген эрге тиет да анткени! Андан кийин кандай кыйынчылыгы болбосун "Биз деле ошенткенбиз. Чыдаш керек!" дейбиз. Ата - энелери сабалып келген кызын кабыл албай, "Чыккан кыз чийден тышкары!" деп зөөкүр эрине кайра айдап ийет. Сөөгү ошол адамдын колунан чыкмайын кайтарбайт. Намыс өлүмдөн да катуу дешет анткени. Баласынын өмүрүнөн "Эл эмне дейт" бийик турат бизде. "Балким оңолуп кетет!" деп төпөшүнө чыдап, улам бирди төрөп отура берет кээ бири.

Анан баланча балам менен кайда барам дешет. Аялдар, эриң миң мыкты болсо да өз бутуңда бекем турганды бил! Сабап, же кетип калбаса да, эртеңки күнгө кепилдик жок. Майып болуп, же өлүп калса кантесиң? Билим ал, бир кесиптин ээси бол! Сөзсүз! Барганда эле төрөй бериш керек деген мыйзам жок. Жакындан тааны. Убакыт бер бири бириңе. Ата - эне болуу оюнчук эмес. Ал болуп көрбөгөндөй жоопкерчилик! Физикалык, моралдык, психологиялык жактан даяр болуп гана бүлө күтүп, анан бала төрөө кажет. Ата - энелер, балаңардын бактысына балта чаап, өлүмгө түрткөн өзүңөр экениңерди унутпагыла!

Бүгүн балаңдын көзүнөн көк кетпей турса, "Мен кайсы жерден жаздым?" деген суроону узатып койгула! #жөнэлеойлор

Булак: NazarNews.kg

Последние новости