www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карантин жоюлгандан кийин, Кытайдын Ухань шаарынын тургундары болуп көрбөгөндөй никелерди каттоого арыз беришкен. Бул тууралуу 8-апрелде Global Times кытай басылмасы кабарлады.

Уханда никеге туруу арыздары электрондук түрдө берилет. Жарандык абалдын актыларын каттоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, атайын программа арыздардын көптүгүнө байланыштуу иштебей калган.

Жогорудагы жагдайга карама-каршы иш-аракеттер Сиань провинциясында байкалган. Сиань шаарынын тургундары ажырашуунун рекорддук санын сурашты. Алардын көпчүлүгү үй-бүлөдөгү чыр-чатактар карантин мезгилинде келип чыккандыгы белгилүү болду.

Маалымат үчүн, Ухань шаары карантин чаралары менен тышкы дүйнөдөн 2020-жылдын 23-январынан тартып коштошкон. Бүгүн, 8-апрелде, Кытайдын Хубэй провинциясынын бийлиги Ухандагы чектөөлөрдү толугу менен алып таштады.

Нуруллох Шарипов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости