www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 7-апрелде Самарканд облусунун Кошрабат районунда нөшөрлүү кар жаады. Аймакта температура ошол күнү 6-8 градус, түнкүсүн 2 градус жылуу болду.

Мындан тышкары, бүгүн, 8-апрелде, Жизак облусунун Фориш районундагы Ухум айылында кар жаап жатат. Бул тууралуу маалыматты жеринен кесиптешибиз Сарвар Анвар уулу билдирди. 

Белгилей кетсек ушул жылдын 1-апрелинде Кашкадарья облусунун Дехканабад районунда кар жааган.

Эске салсак, апрель айы Өзбекстанда жылдын эң жамгырлуу айларынын бири. Көбүнчө апрель айына салыштырмалуу март айында гана жаан-чачын басымдуулук кылат. 2019-жылдын апрель айы жаан-чачындуу болуп, өлкөнүн айрым аймактарында Өзбекстандагы метеорологиялык байкоолордун тарыхындагы эң жамгыр жыл болгон.

Ошондой эле Казакстанда да күтүүсүздөн 7-апрелде Костанай облусуна кар жааган. Бирок, эртеси карлар эрип кеткен.

Маалыматка ылайык, 7-апрелде Костанай облусунда түнкүсүн батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 м/с, күндүз 15-20, 23-28 м/с жеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости