www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай бийлиги ошол эле учурда жалпысынан 14 миңден ашык киши илдеттен сакайганын маалымдады. Ооруга чалдыккандардын саны 75 миңге чукулдады.

Оорунун жайылуусу боюнча Хубэй провинциясы алдыда. Бул жерде 61,6 миңден ашуун киши вирусту жуктуруп алган. 1921 киши көз жумду.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча коронавирусту жуктурган өлкөлөр көбөйдү. Бүгүнкү күнгө карата кабар боюнча 27 мамлекетке тарап, 896 киши бул оорудан жабыркап жатат. Бейтаптардын саны Япония (66), Таиланд (35), Гонконг (60),  Түштүк Корея (30),  Тайван (22), Австралия (15), Германия (16), АКШ (15) жана Малайзия (22) өлкөлөрүндө каттооого алынган.

Эске сала кетсек, коронавирус 2019-жылдын декабрь айында  Кытайдын Ухань шаарында катталган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялаган. Ооруну козгогучтар болуп жаныбарлардын эти, аларды бышырбай колдонуу сыяктуу факторлор айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости