www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 18-февралда Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин басма сөз жыйынын өткөрүп, Баткен облусу тууралуу сүйлөгөн тажик генералы Абдулло Навжувоновдун сөзүнө түшүндүрмө берди.

Министр “Баткен тууралуу сөз - анын жеке пикири. Анын сөзү өлкөнүн расмий пикири деп эсептелбейт” деп айтты.

“Генерал бул сөздү расмий иш-чарада айткан жок. Ошондуктан анын сөзү өлкөнүн расмий позициясы болуп эсептелбейт. Генералдын сөзүнө тарыхчылар гана баа бере алат”, - деди министр.

Эске сала кетсек, Тажикстандын ИИМинин Согди облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулло Навжувонов 12-февралда Хожентте өткөн басма сөз жыйынында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактар тууралуу суроого “Баткен эч качан Кыргызстандын жери болгон эмес” деп жооп берген.

Кыргыз тарап буга дароо жооп кайтарып, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү генералдын сөзү чек арада жашаган эки элдин ортосундагы тынчтыкка доо кетирерин эскерткен.

Кыргыз тараптын билдирүүсүндө: “Басма сөз жыйынында чагым кыла турган билдирүүлөр жасалды. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү чек арада жашаган эки элдин ортосундагы ынтымакка доо кетирет. Бул билдирүү атайын чагым кылуу максатын көздөдү”, - деп айтылган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-февралда Тажикстандын элчиси Назирмада Ализоданы чакырып, кыргыз тарап расмий Дүйшөмбүдөн татыктуу реакция жасалышын күтөрүн жана мындан кийин буга окшогон фактылар кайталанбайт деп ишенерин билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасы 976 чакырымдан ашык. Анын ичинен 450 чакырымы азыркыга чейин аныктала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости