www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош университетинде ректор болуп жүрүп, латын алфавитинде жазган миңдеген өзбектерди кириллица алфавитинде жаздырып, кабыл алуу экзаменден шыр өткөргөн Каныбек Исаков жөнүндө айтсак кызык, кыргыздар кулап-кулап калышты да, башка алфавитте окугандар кантип бир күндө орус арибин үйрөнүп өтүп кетишкен? Анын мындай “чыгармачылык” дарамети жогору бааланып, өкмөт башчысы Абылгазиевдин мактоосу менен Илим жана билим министри болуп дайындалды эле, келе элек жатып, өзүнүн студенти, студенттик аудиториядан мектепке жаңы эле барган 23 жаштагы жердешине “Билим мыктысы” же мурункуча “Эл агартуу отличниги” наамын бере койду. Мектептерде отуз-кырк жыл мыкты иштеп бул наамга жете албай жүргөн агай-эжейлер муну уккан соң жыргаткан министр деле эмес экен, эми дагы министрге жарыбапбыз деген ойдо калышты.

Каныбек Исаков негизи чет элдиктерди жакшы көрөт экен, ректор кезинде эле ОшМУга өзбектерди жабалактатса, эми Бишкекке индус, пакистандыктарды жабалактатып, шаарыбызды чет элдик студенттерге каптатмай болду. Булар да тынч жүрбөгөн калк экен артист Роза Аманова жетектеген Мединститутта керебет талаша кетип, бири-бири менен мушташып, чоң жаңжаал болду. Муну да эптеп жаап-жашырышты. Азыр Бишкек менен шаардын айланасындагы айылдарда таш ыргытсак индус менен пакистандыктын башына тиет.

Ал эми элдин оюнча бул контейнер- министр Каныбек Исаковдун деле колунан эч нерсе келбей калды деп эсептешет. Жакшыны көздөй жылыш деле жок. Мектептердеги акча чогултууну жойгон соң, ордуна башка тараптан акча кире турган тармакты табыш керек. Элге көрүнүмүш болуп, калп эле акча чогултууга тыюу салам дегени менен чарбачылык иштер талаада калабы? Пол жууган тряпкага, самынга, кароолчуга өкмөт төлөбөйт, анан ким төлөш керек? Шаарларда директорлор акчасын алып окуучуларды киргизе беришет, ал эми класска орундук сатып албайт. Окуучулар 3-4төн  болуп кысылып кыйналып отурушат. Ал эми контейнер-министр өзү кыйналбагандан кийин анын да башы да оорубайт. Буйрукту жазат, бүттү эмне болсоң ошол бол. Контейнер-министрдин өзүн отургузса жарашып калмак эле. Ал да кыйналып көрсүн, 45 минут 3-4 адам менен бир орундукка отуруп.

Мектепти жакшылап каржылаш керек. Окуу бекер болсо бор жана башка керектүү нерселер жок. Эми “электронный дневник” деп дагы акча сурай баштады. Бул дагы бир “чиништин” бизнеси да. Министр жетет деген айлыкка 3-5 миң сомго эртеден кечке техкызматкерлер иштегиси келбейт. Пол жууйун десе чака жок, болбосо пол жуугуч сынган. Мындай  майда маселелер жөнүндө контейнер-министр ойломок түгүл чет элдиктерге каптатып жатат. СБ деген кароолчулар отурбаса мектебибиз болбойт экен. Аларга контейнер-министр капчыгынан айлык акы төлөйбү? Элементардуу мисал: бала туалетке барып келгенден кийин колун жууш керек. Эми самынды да техкызматкерлер алыш керекпи? Алган айлыктары 3-5 миң болсо, ошол себептен улуу урматтуу контейнер-министр мырза биринчи иретте каржы маселени чечсе абдан туура болмок.

 Каныбек Исаковдун эми башына күч келип жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине, администрацияларына окуучулардан, окуучулардын ата-энелеринен жана аларды алмаштыруучу адамдардан акча каражатын талап кылууга тыюу салды.

Ага ылайык, маданий-массалык жана башка иш-чараларга да каражат чогултууга тыюу салынат. Мындан сырткары, камкорчулар кеңештеринин жана ата-энелер комитеттеринин каржы маселелерине педагогикалык жамааттын жана административдик кызматкерлердин катышуусуна тыюу салынды.

Ошондой эле, мыйзамсыз негизде акча чогултуу фактылары болбошу үчүн ыкчам байланыш линияларын жана ишеним үкөктөрүн уюштуруу тапшырылды. Бул буйруктун аткарылышы жалпы билим берүү уюмдарынын ар бир педагогуна жекече кол койдуруу менен жеткирилүүгө тийиш.

Эгер жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери же педагогдору тарабынан мыйзамсыз каражат топтоо же окуучуларга, алардын ата-энелерине моралдык-психологиялык жактан басым көрсөтүлгөн факты аныкталса, тартиптик жаза чараларын көрүү менен кызмат орундарынан бошотуу жазасы колдонулат. Бул буйрук ишке ашабы, көрө жатарбыз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости