www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Кино боюнча мамлекеттик агенттиги 2019-жылы беш фильмди (алардын ичинде экөө орусиялык) көрсөтүүгө жана жайылтууга тыюу салды. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Бул тизмеде “Сегиз жаңы жолугушуу” тасмасы бар, башкы ролду Украинанын азыркы президенти Владимир Зеленский ойногон. Фильмди орус-украин кино чеберлери биргелешип тарткан, ага Екатерина Варнава да катышкан. Актирса аннексияланган Крымга баргандан кийин Украинанын Коопсуздук кызматы аны улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан кишилердин тизмесине киргизген.

Мындан тышкары агенттик америкалык актер Стивен Сигалдын катышуусундагы "Мачете", Жерар Депардьенин катышуусундагы "Тимпельбахтык ашынган тентектер" тасмаларын да көрсөтүүгө тыюу салды. Бул актерлор дагы Украинанын коопсуздугуна коркунуч жараткан кишилердин тизмесинде.

2017-жылы Кино боюнча мамлекеттик агенттик Украина аймагында Владимир Зеленский катышкан “Кудалар” тасмасын да көрсөтүүгө тыюу салган. Бул чечимге сериалга Украина Маданият министрлигинин “кара тизмесиндеги” орусиялык актер Федор Добронравовдун тартылганы себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости