www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто жолдошу жубайын автоунаага байлап, чуркатты

Ошто киши Daewoo Ticо автоунаасы менен өз аялын сүйрөп, жубайы оор жаракат алды. Бул тууралуу NazarNews.kgге Ош ШИИБинен билдиришти.

Маалыматка караганда https://kaktus.media/lenta4/static/img/3x2.jpgКара-Суу районунун 1975-жылы туулган тургуну оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал доктурларга жолдошу автоунаа менен сүйрөгөндүгүн айтып берген.

Милициянын айтымында окуя 16-февралда болжол менен 18:00дө болгон. Киши аялына "мончодон кеч кайттың" деп ачууланган. Натыйжада аялды Daewoo Tico үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп, аялды автоунаанын артына байлап, чуркаганга мажбурлаган. Аял бир нече метрге чуркагандан кийин жыгылып калган. Ага карбай жолдошу жардам бербей кетип калган. Андан кийин аял үйгө барып, анын мончого бирге барган курбулары келип, алар “ Тез жардам” кызматын чакырган. Аял баласын алып саат 13:00дө мончого кетип, саат 18:00дө кайтып келген. Анын айтымында жолдо кичи автобусту күтүп кармалып калган. 

1972-жылы туулган шектүү Ж. А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Белгилүү болгондой, буга чейин аял жолдошу тараптан ыдык көргөндүктөн ажырашып, сегиз жыл чогуу жашаган эмес.

Бирок киши башка сабабайм деп убада бергендиктен алар кайра элдешип,  кайра жашап калышкан. Жубайлардын ортодо 4 уул, 1 кызы бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости