www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мындан ары Кытайдан медициналык товарларды ташыган мекемелерге бул өлкөнүн экспорт боюнча жаңы шарттары менен таанышып алууга чакырды. Бул тууралуу ведомствонун сайты жазып чыкты

Маалыматка ылайык, коңшу өлкөдөн 10-апрелден тарта төмөндөгү медициналык товарлар экспортко чыгып бара жатканда сапатын жана коопсуздугун текшерүү үчүн Башкы бажы кызматы тараптан экспертизадан өткөрүлөт:

  • медициналык бет каптар;
  • коргоочу костюмдар;
  • термометрлер;
  • дем алдыруучу аппараттар;
  • медициналык хирургиялык баш кийимдер;
  • медициналык көз айнектер;
  • медициналык кол каптар;
  • медициналык мониторлор;
  • медициналык дезинфекциялоочу майлыктар;
  • медициналык дезинфекциялоочу каражаттар.

“1-апрелден тарта Кытайда медициналык товарларды экспорттоо боюнча жаңы эрежелер киргизилди. Андыктан коңшу өлкөдөн аталган товарларды ташып келчү кыргызстандык ишкерлерге жаңы эрежелер менен таанышып, аны карманууга чакырабыз”, — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, элчилик товарды Кытайдан алып чыгуу үчүн бардык зарыл болгон документтерди алдын ала толугу менен дайындап алууну сунуштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости