www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окумуштуулардын айтымында, COVID-19 инфекциясына чалдыккандардын чыныгы саны расмий маалыматтардан ашып кеткен. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын «Infection Control and Hospital Epidemiology» журналында жарыяланды.
Окумуштуулар коронавирус менен ооругандардын саны жөнүндө маалымат канчалык так болсо, пандемиянын чоңдугун баалоо жана инфекция менен натыйжалуу күрөшүү ошончолук жеңилирээк болорун билдиришти.
Белгилей кетсек, бул изилдөөлөр 9-мартта актуалдуу болгон. Ошол учурдагы окумуштуулардын айтымында, Италияда расмий статистикалык маалыматтарга караганда 30 233 учур көп катталган. Математикалык модель Испанияда 87 миңге жакын адам тешерилбегенин көрсөткөн. Эрте стадияда АКШда расмий 50 миң деп берилсе, математикалык изилдөөнүн жыйынтыгы 90 миң адамга инфекция жугушу мүмкүн деп болжолдошкон. Ал эми бир жарым миллиард калкы бар Кытайда COVID-19 менен 12 ден 89 миллионго чейин бейтап текшерилбей калган.
Ошол эле учурда эксперттер 9-марттан кийин математикалык эсептөөлөр расмий маалыматтарга жакыныраак болгонун белгилешти. Бул илдеттин диагнозунун жакшыргандыгын көрсөтөт.
Булак: NazarNews.kg