www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлык “Ат үстүндө мас абалда үйүнө келе жаткан беш ханзаада” аталышындагы сүрөт Гонконгдогу Sotheby’s аукционунда 41,8 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Эки метрлик сүрөт XIV кылымда падышанын сарайында кызмат кылган кытайлык белгилүү сүрөтчү Рен Ренфага таандык. Анын эмгектери (жалпысынан 21 сүрөт тарткан) музейлерде жана менчик коллекцияларда сакталып калган.

Белгилей кетсек, ат үстүндөгү ханзаадалар түшүрүлгөн эмгек императордук коллекцияга кирип, ага бир катар падышалардын мөөрү басылган. Лоттун баштапкы баасы 10 миллиондон баштап, 15,5 миллион долларга чейин болгон.

Эмгекте ат үстүндө бараткан беш ханзаада менен алардын төрт кызматчысы түшүрүлгөн.

Алардын арасынан Ли Лунцзи аттуу ханзаада кийинчерээк Сюань-Цзундун императорлук тагына отуруп, Тан династиясынын башка падышаларына караганда узак убакытка бийлик жүргүзгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости