www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары кайра жыйынга чогулабы?

Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдөгү саясий кризисти талкуулаш үчүн жыйынга чогулууга кайрадан аракет кылууда. Бул үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлүп, иштеп жатканын 12-октябрда депутат Каныбек Иманалиев RFE/RL радиосунун кыргыз кызматына билдирди.

Анын айтымында, парламент өлкөдө жаралган саясий кризистен чыгуунун жолдорун жана шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүнү көздөп жатат.

Иманалиев Жогорку Кеңештин жыйынында кворум болушу үчүн уюштуруу комитети депутаттар менен байланышып жатканын кошумчалады. Жыйындын кайда жана качан өтөрү азырынча белгисиз.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин саясий кризис өкүм сүрүүдө. Ал эми 5-октябрда шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин акциясы массалык тополоң менен коштолгон. 6-октябрга караган түнү президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратты митингчилер ээлеп алышкан.

Эскерте кетсек, 10-октябрда парламент кезексиз жыйынга чогулуп, массалык башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы айтылган.

Парламенттин ал жыйынын айрым депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептеп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости