www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Казакстан облусунда Мамлютка шаары менен Есил районунун административдик борбору эсептелген Явленка айылы карантинге жабылды. Акыркы эки жуманын ичинде бул калктуу конуштарда ондогон адамга COVID-19 жуккан.

12-октябрда карантиндик аймактарга блокпосттор коюлуп, жарандардын кечки саат 10дон таңкы алтыга чейин үйдөн чыгуусуна чектөө киргизилген.

Мындан тышкары Мамлютка шаарында 100 адамга ылайыкташкан карантиндик стационар ачылып, бул тапта 58 киши коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгын күтүүдө.

Калаа башчысынын орун басары Алмагүл Рамазанованын айтымына карганда шаар 14 күнгө жабылат. Мындай чечим аймакта коронавирус жуктургандар көбөйүп жатканына байланыштуу кабыл алынды. Буга чейин түнкү 11ге чейин иштеген бизнес-борборлор, дүкөндөр кечки тогузда жабылат. Коомдук транспорт токтоп, таксилер иштейт.

9-октябрда Түндүк Казакстан облусундагы Булаев шаары да карантинге жабылган. Эки жуманын ичинде бул шаарда коронавирус жуктурган 24 учур катталган.

Өткөн суткада Түндүк Казакстан облусунда 11 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Марттан бери аймакта 3 921 киши COVID-19га чалдыкты. 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости