www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстанда полиция кызматкерлери тамеки жана насыбай чеккен адамдарга карата куугунтукту улантууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, акыркы кездери өлкөдө насыбай чеккендер көбөйүүдө. Буга тамекинин тартыштыгы жана кымбатташы себеп болууда. Бүгүнкү күндө Мары облусунда эң арзан тамекинин кутусу 230-240 манат, бир даанасы 12 манаттан сатылууда. Түркмөнстандын Борбордук банкы белгилеген расмий курска ылайык, 3,5 манат 1 АКШ долларына барабар.

Түркмөнстан 2015-жылы чоң кишилердин арасында тамеки чеккендердин саны 5 пайызга жетпеген аймактагы алгачкы өлкө болуу аракети башталганын билдирген. Бийликтин планына ылайык, Түркмөнстан 2025-жылга карата тамекисиз өлкө деген макамга жетиши керек. 

Түркмөнстанда 2000-жылдан бери коомдук жайларда тамеки тартууга болбойт. Мындан тышкары өлкөдө насыябай өндүрүүгө жана аны колдонууга тыюу салынган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Түркмөнстан тамеки тарткандардын саны боюнча дүйнөдө акыркы орунда турат — өлкө калктын 8% гана чылым чегет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости