www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Монголияда коронавирус жуктурган биринчи учур катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комиссиянын коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө штабынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, оору 2-мартта Москва—Улан-Батор каттамы менен барган Франциянын жаранынан аныкталды. 

Буга байланыштуу Францияда бардык иш-чаралар токтолуп жатат. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо башкы дирекциясынын жетекчисинин айтымында, 30дан ашык адам жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Белгилей кетсек, Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулгадан 27-февралда Кытайга баргандан кийин делегациянын мүчөлөрү менен бирге карантинге алынган болчу. Өлкө башчыдан вирус чыккан жок.

Кечээ, 9-мартта өлкөнүн Жугуштуу оорулар борборунун директору: "Кытайдан келген делегация мүчөлөрүнөн оору тастыкталган жок. Бүгүн алар кайрадан коронавируска тест тапшырышат", - деген.

Президент Халтмаагийн Баттулга Кытайга барып, коронавируска каршы күрөшүүдө жардам катары 30 миң кой берген болчу. Иш сапардын жүрүшүндө ал төрага Си Цзиньпин жана премьер-министр Ли Кэцян менен жолугушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости