www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мехикодо 80 миңдей аялдар аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүшкө чыгышты. Аялдардын эл аралык күнүндө болгон бул маршта айрым катышуучулар ресторандарды, дүкөндөрдү талкалашып, дубалдарга ар кандай кемсинтүүчү сөздөрдү жазышкан. Ошону менен бирге алар жүзүн бет кап менен бекитишип, вандализмдик иш-аракеттерден кайра тартышкан эмес.
Мындан сырткары марштын катышуучулары коктейл менен Молотов Улуттук сарайына кол салышкан. Натыйжада коктейл спирттик ичимдик болгондуктан күйүп кетип, кеминде бир аял жаракат алгандыгын видеодон көрүүгө болот. Феминисттирдин тобу полиция менен кагылыш уюштурганга аракет кылышып, провокация жасаганы менен майнап чыккан эмес.
Мындай марш Латвиянын борбору Ригада да болуп өтүп, “Марта” деген аталыш менен үй-бүлөлүк зомбулукка каршы лозунгу менен башталган. Бул жөө жүрүшкө 200 дөй киши катышып, анын ичинде саясатчылар да бар болгон. “Марта” борбору аялдардын укугун коргоо тармагында белгилүү. Аталган борбор үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга, адам соодасынан азап тарткандарга жана аялдардын чыгармачылыкка болгон талантын өстүрүүгө жардам берет.
Бул жүрүш Латвида 4-ирет өтүп жатат. Ар бир өткөн сайын Латвиядагы кандайдыр бир актуалдуу темага айланат.
Алар ар кандай лозунгдарды алып чыгышат: “Күч колдонууга жол жок”, “Менин бакытым-көйнөгүм (же мышыгым)”, “Аялдар аялдарды колдогонду жакшы көрүшөт”, “Эркектин бакыты-бала жана жыйналган үй” ж. б.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда 8-март Аялдардын эл аралык күнүндө «Аялдардын шериктештик маршы» өтө тургандыгы тууралуу маалымат таркап, митингде аялдардын укуктарын, гендердик теңдик жөнүндө маалыматтар айтылышы керек эле.
Бирок «Аялдардын шериктештик маршында» кармалгандар алар уруксат берилбеген жерде митинг өткөрүшкөнү үчүн Жеңиш аянтындагы топту милиция кармап кеткен болчу. Алардын башында турган «ана» башчылары Рита Карасартова менен Алтын Капаловалар да бар болуп, милиция тарабынан кармалгандардын жетөөсүнө айып пул салынгандан кийн коё берилген болчу.
Бишкекте өткөн марштын катышуучулары: “Менин жатыным-менин ишим”, “ Мен күйөөгө тийбейм”, “Мен төрөбөйм”, “Келинизация-это рабство”, “Не продавайся за цветы, завтра встанешь у плиты!” деген сыяктуу лозунгдарды көтөрүп чыгышкан.
8-март жыл сайын жагымдуу майрам болчу. Акыркы 3-4 жылдан бери 8-марттын маңызын бузуп, ушул датаны айтканда гей, лесбиянкалар, транссексуалдар ойго түшчү болду деген ой-пикирлер басымдуу болуп жатат. Мындай жөө жүрүш дүйнөнүн ар кайсы жеринде өткөрүлүүдө жана мунун артында Американын уюмдарынын кулагы көрүнүп жатканын серепчилер кеп кылышууда.
Булак: NazarNews.kg