www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Ухань шаары карантинден ачылгандан кийин биринчи күнү эле никени каттоого арыздар көбөйгөн. Бул тууралуу Global Times басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, коронавирустун кесепетинен 76 күндөн бери карантинде турган Ухань шаарында жергиликтүү жубайлардын үйлөнүү үлпөтүнө эки  эсе көп арыз келип түшкөн жана онлайн режиминде никени каттоо программасы “кыйрады”.

Программаны жетектеген Alipay глобалдык платформасы ажырашуулардын саны көбөйгөндөн кийин, нике кызматтарына жогорку талапты күткөн эместигин жарыялады.

“Биздин таң калган инженерлерибиз кырдаалды оңдоп жатышат”,-деп Alipay билдирген.

Эске сала кетсек, коронавирустун очогу болгон Ухань шаары 8-апрелде ачылган. Ушу күндөн бери жергиликтүү бийлик 11 миллион турган калктан шаардан чыгууга коюлган расмий чектөөлөрдү алып салган. Уханда никени каттоо кызматы 3-апрелде иштеп баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости