www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында коронавирус илдетине чалдыккан жаран үй-бүлөсү менен дарылануудан баш тартты. Бул факты боюнча санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузулгандыгына байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу NazarNews.kgге Нарын ОИИБи билдирди.

Маалыматка ылайык, О.М.аттуу жаран жана анын үй-бүлөсү илдеттен дарылануудан баш тартышкан. Алар медициналык каражаттарды колдонушса ден соолугу жакшырып, сакайбай, тескерисинче, начарлап кетет деп айтышкан.

Буга байланыштуу Нарын районунун Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жогорудагы эркектерге карата чара көрүү үчүн милицияга арыз менен кайрылган.

Белгилүү болгондой, ал киши 2019-жылы ноябрда Пакистанга дааватка барган. 2020-жылдын 15-мартында Лахор-Ташкент, Ташкент-Бишкек каттамы менен Кыргызстанга кайтып келген жана ага коронавирус диагнозу коюлган. Ошол эле учурда анын кыймылы чектелген.

Бирок кыймылды чектөө өтүнүчүнө карабай, ал санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бир нече ирет бузган. Бул жаран менен тыгыз байланышкан нарындык 3 кишиден 30-мартта коронавирус аныкталган.

Буга байланыштуу, М.О.га карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу" беренеси боюнча катталып, кылмыш иши козголгон. 3-апрелде сотко чейинки тергөө иши башталды. Эркек изолятордук жайда болгондуктан, бардык тергөө чаралары бейтап сакайгандан кийин кийин жүргүзүлөөрү маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости