www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Легендарлуу “Кыз бурак” тобунун курамындагы кыздардын жеке иштерине ж.б белгилүү себептер менен чыгармачылык тыныгуу алганы баарыбызга маалым. Ал эми топтун аткаруучу директору Сайкал Садыбакасова да жеке ырчы катары чыгып, жеке сулуулук салонун ачып бизнеске өткөн.

Июнь айынын башы менен топ кайрадан жанданып ишке киришиптир. Топтун курамына беш солист кыз алынып, ар бири менен беш жылга келишим түзүлүптүр. Учурда алты сааттан бий, вокал, актёрлук чеберчиликтен сабак алып жаткан топтун жаңы курамынан жакында жаңы ыр жана клиптерине күбө болот экенбиз. Андыктан, азырынча жыйынтык чыгарууга эртелик кылат окшойт...

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости