www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында эки өспүрүм ижарага алган жеңил автоунаа менен жолдон чыгып, оодарылып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына Ош облустук ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 24-июнда эки мектеп бүтүрүүчүсү аттестат берүү аземинен кийин Mercedes Benz үлгүсүндөгү унааны ижарага алып, Кара-Сууга жөнөшкөн.

"Окуучулар шаар сыртына чыкканда, 17 жаштагы айдоочу рулду башкара албай даракты сүзүп, оодарылып кеткен", — деп маалымат кызматынан кабарлашты.

Өспүрүмдөр ооруканага жеткирилген. Алардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатса, экинчиси амбулатордук жардам алууда.

Аталган факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости