www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айыл аймагында тээ 70-жылдардын башында курулган 16-түрмө бар. Союз кезде бул мекемени 36\16-эмгек-түзөтүү колониясы деп атап коюшчу. Аталган мекеме күчөтүлгөн тартиптеги түрмө болуп, бул жерде өзгөчө оор кылмыштарды жасагандар жаза мөөнөтүн өтөп келген. Азыр да ошондой.
Төмөндө биз сөз кыла турган канкор неме кыянаттык максатта бери эле дегенде бир кишини мыкаачылык менен өлтүргөн, учурда 24 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 40 жаштагы Абдилазиз Таштаналиев. Ал Ош шаардык сотунун өкүмү менен узак мөөнөткө соттолгондон кийин гана жаны бир аз жай алып, дүрбөлөңгө толгон күнүмдүк жашоосу акырындап жүрүп өз калыбына түшкөндөй сезилет. Башкача айтканда, болгон иш болду, боёсу канды дегендей…
Ошол каргашалуу күн басса-турса эсинде. Ошол кылмышка барбай эле койсом болмок деп, күн сайын өкүнбөй койбойт: ошондо ачуум келгенде түртүп жиберсем, тепкичтен кулап кетип, өлүп калды десем, 24 жыл эмес, 5–6 жылга кесилээр белем деген өкүнүч жатса-турса тынчтык бербейт…
Жогор жактын тилин таап, айтканын берип отуруп айылдык почта бөлүмчөсүнө башчы болуп келгенине да кайра-кайра өкүнөт. Жетим-жесирлерге, кары-картаңдарга, начар камсыз болгон үй-бүлөлөргө пенсия, пособия таратуу почта аркылуу ишке ашырылгандыктан, бул тармак өлкө боюнча эң бир майлуу тармактардын бири катары эсептелип, жулунгандар көп эле. Башкалар сыяктуу эле Абдилазиз да бул кызматка жулунуп-чуркап жүрүп жеткендиги жашыруун эмес.
Мүдүрлүктүн алгачкы айларынан тартып эле Абдилазиз бул тармактын чындап эле майлуу-сүттүү экендигин сезди. Жакшынакай акчалар түшө баштады. Тереңирээк ойлонуп көрсө, ыгын таап, дурустап аракеттенсе, жакшы эле пайда түшчүдөй. Баары ойлогонундай боло баштады. Бирок, почточулук милдетти аткарган Кулудан 2 жыл өтпөй жатып, 700 миң сом жетпей калганы да эсинде. Эмне болду десе, Кулу айтат: сен өзүң элге таратылчу акчадан ай сайын 40–50 миң сомдон кармап калчу эмес белең?
— Кулу ака, акча сиздин подотчетуңузда да? Ошондуктан, сиз жооп бересиз…
— Мен жесем миң сом, эки миң сом жегендирмин, ана, ашып барса беш миң сом жегендирмин…
— Элдин баары сиздин колуңуздан акчаны алгандыгын унутпасаңыз. Органдар чакырып сураса эле, эл ай сайын канчадан кем алгандыгын айтып берет. Камаласыз. Мага ашып кетсе сөгүш беришээр. Кызматтан алышсын…
Ошентип, почточулардын чатагын элдин баары укту. Арадан 2 жума өткөн соң, текшерүү басты. Экөөсүнүн тең айласы кетти. Эртеси Кулу Абдилазизге келип, бир айласын кылалы деп калыптыр. Ошондо жаны көзүнө көрүнгөн Абдилазиз түн жамынып Ошко жетип, Кулуну Москва рейси менен Россияга качырып жиберген. Түндө Ошко баратышканда Абдилазиз Кулуну жолдо өлтүрүп салууну да ойлогон. Бир чети күчүм жетпей калабы десе, экинчиден, Ошко кошо чыкканыбызды туугандары билип калып жүрбөсүн деп, жаман оюнан кайткан.
Кулунун ордуна келген кийинки бир почточу аял да жарым жыл иштебей, элге таратылчу пенсия-пособиенин эсебинен олчойгон жетишпестик чыгып, ал аял да дайынсыз жоголуп отурат. Ага чейин 1964-жылы туулган Каныбек Алиев деген почточу кимдир-бирөөлөр тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлүп, сөөгү Сох дайрасынын этегинен табылган. Актурпак айлына таратыла турган 320 миң сом акча кошо кеткен. Арадан көп жыл өтсө да, аталган өзгөчө оор кылмыш азыргаче ачылбай кала берүүдө.
2014-жылдын 28-октябрында Карабак айлынын кезектеги бир почточусу, 37 жаштагы Камчиева Турганбүбү Ибраимбердиевна дайынсыз жоголот. Ошол түнү
Турганбүбүнүн атынан сиңдиси Шапаттын телефонуна: “мен Ошко кетип баратам”деген, эртеси “мен 2 сааттан кийин Москвага учканы жатам” деген СМСтер түшөт. Арадан эки күн өткөн соң, белгисиз бир россиялык номерден: “кабатыр болбогула, мен Москвадамын” деген кабар келет.
Турганбүбүнүн күйөөсү Пиридин 10 күн мурда Москвага акча тапканы кеткен болчу. Күйөөсү чакыртып алгандыр дегендер да болду. Антейин десең, Турганбүбү дайынсыз жоголордон 2 саат мурда кошунасы аны кадыресе кийимчен көргөн. Карап көрүшсө, жаңы кийимдери үйдө калыптыр. Ошондо туугандардын бири Пиридинге коңгуроо кылганда Турганбүбүнүн Москвага жетпегени дайын болот.
Почточу аялдын жоголушунан кийин райондук милиция, облустук башкармалыктын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери почтага байланыштуу болгон өзгөчө оор кылмыштарды кайрадан карап чыгууга белсенип киришишет. Карабак айылдык почта бөлүмүнүн башчысы Абдилазиз Таштаналиевдин артынан оперативдүү иш-чаралар жүргүзүлө баштайт. Акырында кезектеги сурак учурунда аны ИВСке жабуу тууралуу чечим кабыл алынат. Кайдандыр бул тууралуу кабар тапкан Абдилазиз суракка айыл калкын түп көтөрө келет. Адвокаттын тукуруусу менен жандоочулар губернаторго чейин киришип, чуу салышат. “Өлүк жок, далил буюм жок, эмненин негизинде бизди багып келаткан балабызды камашат? Абдилазизди бошотпосоңор жол тособуз, Бишкекке чейин барабыз, азыр президентке телеграмма урабыз” деп чыгышат. Аксакалдар менен достошууну — популизмди жакшы көргөн, мурда облустук ИИБынын начальниги болуп иштеген губернатор далдаңбайлыгын карматып, оюнда арамдык болбосо да, мыйзамсыз кийгилишип, шектүүнү бошоттуруп жиберет.
— Ошондо биздин оперлердин шагы сынып, өзгөчө оор кылмыш ачылбастан калып кеткен, — дейт милициянын отставкадагы полковниги Анарбай Мамалатипов.
Турганбүбү Камчиева жоголгондон 3 ай өтүп-өтпөй, тагыраак айтканда 22-январда Карабактан 100 чакырымдай алыстыктагы тоолуу Дара аймагынан ит-куш жеп кеткен кишинин жарым-жартылай сөөгү табылат. Сөөктү чабандын ити сүйрөп жүргөн болот. Карап көрүшсө аялга тиешелүү экен: баш сөөгү, оң колу, кабыргалары калыптыр. Дагы бир өкүнүчтүү жери — губернаторго көчүгүн такаган башкы шектүү болуп эсептелген Абдилазизди кайра кармоого же суракка чакырууга жергиликтүү милициянын духу жетпеди.
Кыңыр иш кырк жылда билинет дегендей, ушул саптардын авторуна маркумдун бир тууганы Гүлбара Сулайманова жогорудагы каргаша жана мыйзамсыздык тууралуу баяндап, жардам сурап кайрылды. Бир боорунун, болгондо да ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн сиңдисинин тагдыры жөнүндө айтканда, өпкө-боору өрттөнүп, бардык нерсеге даяр турган аялдын айткандарына ишенбей коюуга болбос эле.
Ошентип, 12-февралда Ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатыбалдиев Гүлбара Сулайманова экөөбүздү кабыл алды. Арыз ээси министрдин орун басарына жагдайды: почтага байланышкан 3 өлүм тууралуу, ири өлчөмдөгү акчаларды уурдап-жок кылуулардын учурлары жана аталган өзгөчө оор кылмышка карата жергиликтүү милициянын мамилеси жөнүндө төкпөй-чачпай айтып берген соң, Калыбек Ажыбекович өзү көзөмөлдөгөн кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына тапшырмаларды берди. А биз болсо, өз кезегинде, жогоруда аталган өзгөчө оор кылмыш ашкереленип, кылмышкерлерге же кылмышкерге тийиштүү чара көрүлсө, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди сыйлоо үчүн өкмөткө сунуш киргизээрибизди убада кылдык.
Арадан 3 күн өткөн соң, ИИМ кызматкерлери тарабынан Баткен шаарынан өзгөчө оор кылмышка шектүү Абдилазиз Таштаналиев кармалып, түнү менен Ошко жеткирилди. Кармалар замат, ал бишкектик оперлер менен “аңгемелешүү” учурунда адвокаты буга чейин жакшы эле даярдаган окшойт: “беш убак намаз окуурун, Кудайдан коркоорун, кишини өлтүрмөк түгүл катуу сөз айтпастыгын, милиция кызматкерлери аны жалаанын негизинде жаңылышып кармап жаткандыгын, бул үчүн кечирим суроого туура келээрин” эскертип жатты.
Борбордон барган оперлер А. Таштаналиевди Ошту көздөй алып жөнөгөндүктөрүн сезгенде гана шектүүнүн жасалма жайбаракат маанайы өчө түшкөнсүдү. Ага чейин жолдо баратып анын башына: “сыягы мени Кадамжайга алпарып жабышат окшойт” деп ойлоп, өзүн жоошуткусу келди. Тилекке каршы, оперлердин унаасы кошуна райондун борборунда токтогон жок. Караңгы кирип калган эле. Кызыл-Кыяга жакындай бергенде ал сапарлаштарына: “тамак ичип албайлыбы, бишкектиктерди мен сыйлап коёюн” деди башына келген үмүт отун жандырган бир ойдон улам. “Ошто баарыбызды тамак күтүп жатат” деди оперлердин бири. Ошондо анын жүрөгү солк эте түшкөндөй болду. “Тамактан кийин самолёт күтүп жатат” деди оперлердин дагы бири. Бул мыскыл шектүүнүн ындынын ого бетер өчүрдү.
Ноокатка жеткичекти оперлер Абдилазизге аялдар түрмөсү жөнүндө кеп куруп беришти. Канкор оор үшкүрүнүп, шолоктоп ыйлап кирди. Аялы кошо камалса, жууса кеткис шермендечиликти, 4 баласынын тагдыры эмне болоорун ойлоду. Бир аздан кийин, аргасы түгөнгөн кылмышкер ыйлаганын токтотуп, Ошко жеткичекти оперлерге төмөнкүлөрдү айтып берди.
28-октябрда А. Таштаналиев саат 20 чамасында өзүнүн кол алдында иштеген 37 жаштагы Камчиева Турганбүбүнү В 92 62 AF “Хонда Степвагон” үлгүсүндөгү автомашинасына отургузуп, каржы маселесине байланышкан маселени талкууламакчы болот. Сөз кезеги келгенде жетекчисинен коркпогон Турганбүбү Абдилазиздин элдин пенсиясынан, жөлөкпулунан жеп келаткандыгын, анын эски кылмыштарын билээрин, арызданаарын айтат. Бул кордукка чыдабаган мүдүр аялдын башына эстен тандыра муштуму менен уруп, ал шайын жоготкондо, жоолугу менен муунтуп өлтүрөт… Аялы Жыпаргүлгө келет да, болгон окуяны айтып, сөөктү жашырууга жардам сурайт. Жубайлар окуя болгон жерден 100 чакырым алыстыктагы Дара аймагындагы Коңурдөбө жайлоосуна сөөктү апкелишип, арыдан бери таш менен корумдап, көмүп салышат.
Жогорудагылардан сырткары текшерүү учурунда А. Таштаналиевдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, райондук номенклатурадагы айрым кызматкерлер менен биргелешип пенсия жана жөлөкпулдан ири сумманы жеп салгандыгынын көптөгөн учурлары ашкереленген.
Натыйжада Ош шаардык соту судья Болот Сатыбалдиевдин төрагалыгы астында жогорудагы өзгөчө оор кылмыштын жагдайларын ар тараптуу талдап, изилдеп чыгып, КР кылмыш-жаза кодексинин 4 беренесинин негизинде айып коюп, аталган кодекстин 59-беренесинин талабына ылайык белгиленген жазалар бири-бирине жарым-жартылай кошулуу жолу менен 24 жылга эркинен ажыратуу, үй-мүлкүн конфискациялоо, жазаны күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө өтөө тууралуу өкүм чыгарды.
Ошондой эле сот өз өкүмү менен шордуу Т. Камчиеваны акыркы сапарга узатууга кеткен материалдык чыгымдардын өлчөмү 580 770 сомго, моралдык зыяндын өлчөмү 200 000 сомго бааланып, бул чыгымды А. Таштаналиевден өндүрүлүүгө жатат деп тапты.
Жогорудагы изи эскире түшкөн өзгөчө оор кылмышты ачууга Бишкектен алыскы Баткенге барышып, күн-түн дебей аракеттенишкен ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынын кызматкерлери, милициянын полковниктери Канат Асаналиевдин, Нурлан Шадыбековдун, Дуулат Маматбековдун, милициянын майору Мурза Төрөевдин жана Ички иштер министринин орун басары Калыбек Ажыбекович Сатыбековдун кошкон түздөн-түз жана олуттуу салымдарын белгилеп кетүүгө болот.
Сөз аягында айтпай коюуга болбой турган нерсе — маркум почточу Камчиевадан башка жогоруда аты аталган дагы бир почточунун 2 жыл мурда болгон табышмактуу өлүмү. Почтальон Карыбек Алиевдин өлүмүнө байланышкан оор кылмыш арадан 2 ай өтпөй ашкерелениптир деген каңшаар дуу этип, кайра тынчып калгандыгы элдин эсинде. Ошондо Баткен ОИИБынын атын атабоону өтүнгөн жетекчилеринин бири мага минтип айткан эле:
— Жолдош полковник, эки күндөн кийин мен сизге почтальонду карактап, өлтүрүп кеткендерди кармап, аттарын айтамын…
Арадан бир жыл өткөн соң, ошол эле 25 жылдык оперативдүү иш боюнча тажрыйбасы бар милициянын полковниги мен ага коңгуроо кылганымда төмөнкүлөрдү айтты:
— Сизге берген убадамды билемин. Бирок... Өзгөчө оор кылмыш дээрлик ашкереленип калды эле. Тилекке каршы, жогор жактан… Телефондон айтканга болбойт…
Номанжан Аркабаев ,милициянын отставкадагы полковниги
Булак: "Жаңы Ордо"