www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДП партиясынын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык кеңешинин мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө аракети тууралуу билдирүү таратты. Мурдагы мамлекет башчысы мунун артында саясий себеп бар деп эсептейт. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

“Албек Ибраимовго атайылап жасалып жаткан саясий куугунтуктун жана каралоолордун жыйынтыгы түшүнүктүү эле болчу. Анын ишине кантип тоскоолдук кылып, кантип шыбап атышканын көрүп жатасыңар. Бул жарым жылдан бери уланууда. Мунун баары коррупция менен күрөшүүгө эч кандай тиешеси жок экенин ал тургай бийликте турган кишилер да түшүнүп жатышат”, деп жазылган экс-президенттин билдирүүсүндө.

Мурдагы президент Атамбаев Ибраимовду чарбачыл мэр катары сыпаттаган:

“Албек Ибраимов борбор калаадагы "чечилиши мүмкүн эмес" деп эсептелген жана бүтпөгөн көйгөйлөрдү чечкен натыйжалуу мэр деп эсептейм. Көбүнчө белгилүү болбогон иштер боюнча да чечкиндүү кадамдарга барды. Бирок шаардыктардын алдында өзү жооп бергени чыкчу жана эч кимдин артына жашынып алган эмес. Бүгүнкү күнү бул өтө сейрек сапат”, деген Атамбаев.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңеши кезексиз сессияга чогулуп мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөргөн. Бул сунушту сессияга катышкан 40 депутат бир добуштан колдоду. Эми депутаттардын бул чечимин премьер-министр жактырса, мэр иштен алынат.

Шаар башчы Албек Ибраимов өзү жыйынга келген жок. Ал жыйындан кийин “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу видеокайрылуу таратып, депутаттардын ага ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимин саясий буюртма катары баалады.

Кечээ мэр Албек Ибраимов Кыргызстандан качып кеткени тууралуу кабар тарап, бирок мэриянын басма сөз кызматы аны четке каккан. Мекеме Ибраимов 10-июлдан 8-августка чейин эмгек өргүүсүнө чыкканын маалымдаган.

"ТНК Дастан" ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 13-июнда сурак берип чыккан. Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу") менен кылмыш иши козголгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости