www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сабыр Жапаров, Садыр Жапаровдун бир тууган агасы:

«Атамбаевдин бийлиги Садырды сындыра албагандан кийин биротоло жок кылабыз деп ойлоду окшойт»

— Сабыр байке, кандай жүрөсүз? Мурункудай кысым болбой калдыбы? Камактагы иниңиз Садыр Жапаровдун ден-соолугу кандай?

— Күнүмдүк тиричилик деп жүрөбүз да. Жапаровдордун үй-бүлөсүнө болгон мурункудай кысым жок. Садырга кирип чыгып атам. Ден-соолугу жакшы.

— Садырга темир тордун артындагы кысым токтогонбу?

— Азыр эч жактан кысым жок. Кудайга шүгүр, баары жакшы эле.

— Садыр Жапаров алгач 2012-жылы “Кумтөрдү” коомчулукка алып чыгам деп темир торго олтурбады беле. Ошол кезде эле Жапаровдордун баарына кысым күчөгөнбү?

— Садыр биринчи жолу камакка алынганда, баарыбызга абдан катуу кысымдар болду. Атамбаевдин бийлигинин чыныгы жүзүн ошондо эле билгенбиз. Биз ошондой катуу кысымга сынып калган жокпуз. Мен ошол учурда айыл өкмөт башчысы элем. “Бул кызматтан өзүң эле арызыңды жазып кетип кал…” дешти, арызымды жазып бердим да кетип калдым. Жыргалаң шахтасы иштеп жаткан. Инвесторлорду тартып келип, алар 4 млн долларга чейин инвестиция салып койгон болчу. Өзүбүз 1,5 млн долларга чейин акча салганбыз. Жумуштун 80 пайызы бүтүп калган эле. 20 пайызын бүтүрүп, кенди казууга даярдык көрүлүп жаткан. Бийлик тараптан УКМКнын 10-бөлүмү барып, ошол жерде иштеп жаткан инвесторлорду коркутуп, кетип калууга мажбур кылышты. “Садыр Жапаров камалды. Азыр Сабыр Жапаровдун үстүнөн кылмыш иши козголду, ал дагы камалат. Кетип калбасаңар, силерди дагы камайбыз” деп кетиришти. Садырды камашкандан кийин Жыргалаң шахтасы боюнча Сабыр Жапаровдун үстүнөн кылмыш иши козголду деп жарыялашты. Жыргалаң шахтасы мага чейин эле 22 млн 400 миң сом карызы бар экен. Ошону мага жармаштыргысы келишти. УКМК ар кандай ыкманы колдонгону менен ал акча мага жармашкан жок. Таңдан баштап түнкү саат он бирге чейин кармап, текшербеген нерсеси калбады. Алар ойлогон акчаны мага чаптай албай койгондон кийин бошотууга аргасыз болушту. 4 млн доллар инвестиция салган инвесторлорду коркутуп кууп жибергенден кийин, азыр шахтанын абалы абдан оор. Мен шахтаны алган кезде эле 64 млн сом карызы бар болчу. Карыздын баарын жаап бүткөн соң инвестор тартып келгенбиз.

— Ар бириңердин артыңардан аңдуу жүрдү да?

— Айтпа, менин артымдан бир жигит менен бир кыз калбай көлөкөдөй эле ээрчип жүрдү. Үйгө кирсем кошо кирет, сыртка чыксам кошо чыгат. Алардын ээрчип жүргөнү тууралуу видео дагы бар. Бишкек шаарындагы 6-кичи райондо карындашым жашайт эле. Ошол жерге барсам, артымдан кошо подъездге чейин кирип келишпедиби. Карындашым биринчи кабатта турчу, эшикти ачып кирип кетсем, алар үстүнкү кабатка чыгып кетишти. Эшикти жабымыш болуп кайра чыксам, экөө кайра түшүп келатышкан экен, мени көрө коюшуп, жогору көздөй качышты.

— Атаңыз Нургожо ажы каза болуп калбадыбы. Акыркы күндөрү аксакалдын жанында болуп калдыңызбы?

— Садыр Россиядан бул жакка келатканда чек арадан эле кармап кетишип, анын бошотулушун талап кылып чыгышкан балдары, бир тууган, тарапташтарын ур-тепкиге алып камап койбоду беле. Мен дагы камалгам. Мен чыгып барганымда атабыз тилден калган экен. Мени тааныды. Такыр сүйлөгөн жок. Атамдын акыркы арманы айтылбай калды. Анткен менен ал кишинин арманы эмне болгону элдин баарына көрүнүп эле турду го деп ойлойм. Баласы ак жеринен күйүп жатканына чыдабады. “Садыр баламды келбей эле кой деп айтсам болмок экен” деп ыйлаганын мен да интернеттен көрдүм.

— Кыйын учурда достор сыналат эмеспи. Садырдын жанында жүргөн достору да бийликти жогору коюп, жүзүн буруп качып калыштыбы?

— Бийлик деп жүзүн бургандары да болду. Беш кол тең эмес деп бекеринен айтпайт экен да. Садыр деп азыр да чуркап жүргөн достору бар. Алар бийлигин алса ала берсин, мага адамгерчилик жогору турат дешти. Бийлик үчүн дос болгондор “Мага келбегилечи, керек болсо мындай эле жолугуп туралычы” дешти.

— “Кумтөрдү” жайына эле койсун, Атамбаевге асылганын токтотсун” деп ортого түшкөн адамдар сизге да барса керек.

— Андайлар толтура болду. Кимдерди гана ортого салган жок. УКМКнын кызматкерлери да келишип “Иниңе айт, позициясын өзгөртсүн. Ал үчүн силер жабыр тартып жатпайсыңарбы. Ал макул болсо жумушуңар мурункудай эле жүрө берет. Баарына жол ачылат” деп айтышты. Иним өз ишин өзү билет, мен ага акыл үйрөтө албайм деген жоопту угуп кетишкен. Садырды экинчи жолу кармашканда бир туугандарын, балдарын камашып, сындырганга аракет кылышты. Мен өзүм беш жарым ай жаттым. Балдарын кармаган ызы-чууда жок болчумун. Бир туугандарынын баарын кармап жатат дегенди угуп, өзүм РОВДга бардым. Барсам мени киргизбей коюшту. Эшиктин алдында турсам граждандык кийинген СНБнын балдары келип кармашты. Экөөсү эки жагымда, бирөөсү алдымда болуп РОВДдан алып чыгып келатып, телефондо “Хорошо шеф, анда 15 мүнөттө барабыз” деп сүйлөшүп, мени тигил жакка эмес, бул жакка экен деп РОВДга калтырышты. Ошол жерде тизме түзүп алып, кайра-кайра келип тактап жүрүштү. “Сабыр Жапаров сизби?” деп сурашат. Ооба, менмин десем “Сабыр Жапаров бар экен” дешип тизмесин карап кетишет. Айылда айыл өкмөт башчысы болуп турган инимди дагы тизмеге киргизип алышыптыр. Аны да кайда деп менден эки жолу келип сурап кетишти. Андан кичүү иним бар. Ал дагы тизмеде жүрөт. Жапаровдордун баарын тизме менен камашкан. Мени соттогондон уялышты окшойт, беш жарым айдан кийин актап чыгарышты. Садырдын балдары жолдун нар жагында машинанын жанында эле турушкан экен. Топтолгон эл жакка барышпаган. Жолдун нар жагынан “Мына Садырдын баласы” деп тепкилеп кармашкан. Атамбаевдин бийлигинин тактикасы баарын камап, андан кийин сындырабыз деген болду да.

— Баласы чет өлкөдө окуп жатпады беле. Окуусуна кете алдыбы?

— Баласы чет жакта окуп жаткан, азыр окуусуна да кете албай калды. Бир жылдан кийин гана четке чыкканга уруксат болот экен.

— Садыр өзүн-өзү кескиледи деген бийликтин маалыматы сизге качан жетти?

— Ошол учурда мен дагы СИЗО‑1де болчум. Эртең менен эле уктук. Садыр кескилениптир, ооруканага алып кетти деген маалымат жеткен. Башка маалымат уккан эмеспиз.

— Өзүн-өзү кескиледи дегенге ишендиңизби?

— Эмне, Садыр биринчи мойнун кесип, андан кийин эки колун кескилемек беле? Мен укканда эле ишенген эмесмин. Азыр деле ал окуя боюнча Садыр экөөбүз сүйлөшпөйбүз. Эмне болгонун учуру келгенде өзү айтып берсе керек.

— Садыр сынбай турганына көздөрү жеткен соң, биротоло жок кылууга барышкан деген чын болсо керек?

— Ооба, Садыр сынып калчу жигит эмес. Сынса, соодалашса башында эле сөзгө келмек. Сынбаганын көрүп ошондойго барышты да. Мени СНБга суракка алып келип жатышты. Ошол жерде СНБнын балдары “Баарыңарды камап салды, эми Жапаровдор кандай болот болду экен деп ойлогонбуз. Сиз түрмөдө олтургандай эмессиз го? Жуунуп-тазаланган, үтүктөлгөн кийим менен келдиңиз” деп таң калышкан. Силердин оюңар боюнча башкача болуш керек беле?! Азыр башкача болуп көрүндүмбү десем, “Жок байке, биз ойлогондой эмес, жакшы экенсиз. Кечирип коюңуз, биздин ишибиз ушул да” деп айтышкан.

— Садыр эркиндикке чыкса, эл билбеген маалыматтар айтылат турбайбы?

— Атамбаев бийликте туруп, кылычынан кан тамып турган кезде эч нерседен тартынбай, көп нерсени ачыкка чыгарган Садыр эми тартынып калмак беле?! Андай болбойт. Эл билбеген сырлар бар болгон болсо сөзсүз ачыкка чыгарат. Кимдин-ким экенин ачыктайт да.

 Азыр коррупция менен камалып жаткандар саясий куугунтук деп актанып жатышат. Алардын саясий куугунтук дегенин кандай кабыл алдыңыз?

— Буларга айла жок экен да. Саясий куугунтук деп айтып жатышканына күлөөрүңдү же ыйлаарыңды билбейсиң. Уурдаганы айдан ачык эле көрүнүп турат го. Бир аттиш кантип 600 доллар турсун?! Көзгө көрүнүп турса дагы бет тырмалык кылып жатышпайбы. Бишкек ТЭЦти оңдоо үчүн Максим Бакиев кытайлар менен 150 млн долларга эле сүйлөшкөнүн депутаттар өздөрү айтып чыгышты. Булар 386 млн доллар кылып көтөрүп жатпайбы. Ушундан эле коррупция бар же жогун билсе болот да. Бешиктеги бала деле аттиш 600 доллар турбашын билет.

— Атамбаев ушул иштери үчүн жооп берчү күн келет деп ойлойсузбу?

— Келбей койбойт. Бул дүйнөдөн эсептешип кетет. Ар бир жасаган иши өзүнүн башына келет.

— Президент Сооронбай Жээнбеков сотторду, укук коргоо органдарын коррупцияга батып калган деп сындады. Саясий боёк бар делген иштер кайрадан каралып чыгышы керектигин билдирди. Садыр Жапаровдун иши кайрадан каралып, акталат деген үмүт барбы?

— Падышанын сөзү эки болбошу керек. Биз дагы президенттин айтканынан кийин үмүттөнүп олтурабыз. Садырдын ак жеринен камалганын коомчулук деле билет. Президенттин азыркы жүргүзүп жаткан саясаты ишке ашса, ким күнөөлүү экени аныкталат. Бүгүн Сооронбай Жээнбеков туура багытты тандады. Ичкен-жегендер баарын кусуп камалышы керек. Атамбаевдин саясатына каршы туруп, анын былыктарын ачык айтып чыгарган патриоттор эл үчүн керекке жарайт. Алар элге кызмат кылсам деген азаматтар. Жээнбеков деле кыргыз элинин келечеги үчүн таза иштейт деп ишенем. Ал дагы кыргыздын патриот уулдарынын бири.

Маектешкен К. Тагаев

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости