www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-сентябрда шалаакылыгы жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн шектелип, сактоо министрлигинин мурунку министри Космосбек Чолпонбаев кармалды. Бул тууралуу Финпол билдирди.

Маалыматка ылайык, ЭККМКда шалаакылык жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча шектелген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата кылмыш иши козголду.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчи адамдары өзүлөрүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүшкөндүгү аныкталды, ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости