www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Темперамент (латын сөзунөн tеmрега-mentum -бөлүктөрдүн тиешелүү катышы) - адамдын психикасын мүнөздөгөн жеке өзгөчөлүк-төрдүн жыйындысы. Темперамент сезимдин күчүнө жараша терең же үстуртөн, анын өтүү ылдамдыгына, туруктуулугуна же тез алмашуусуна карата билинип-көрүнөт, ошондой эле мүнөздө темперамент индивиддин кыймыл-аракетинин өзгөчөлугүнө жараша да болуп өтөт. Башкача айтканда, темперамент -бул адамдын ишмердүүлүгүндөгү нерв системасынын чагылдырылышы, психологиялык өзгөчөлүгү. Адамдар негизинен темпераменти жагынан төрт түргө белүнөт:

сангвиник, флегматик, холерик, меланхолик.

МЕЛАНХОЛИК-САНГВИНИК

Меланхолик менен сангвиник бардык жагынан бири-бирин толук ташып, бир бүтүнгө айланат. Меланахолик жан-дүйнө жагынан, сангвиник социалдык жагынан бири-бирин колдоп-коштоп жашашат. Меланхолик сангвиник менен гана өзүн жакшы сезет, анткени, сангвиник аны кайгылуу ойлорунан алаксытып, кызыктуу таасирлерди тартуулап турат.

Темперамент тубаса касиети бар нерв систшасы менен эле эмес, турмуш жана иш аракет шарттары менен да шартташкан. Темперамснт индивиддин өмүр жолунда өзгөрүлбөс болуп калбайт. Көбүн эсе адамдарда төрөлгөндөгү мунөзү сакталса, айрымдардын темпераменти жашоосунда өзгөрөт. Түрдүү темпераменттер инсандын бардык коомдук зарыл сапаттарынын, касиеттеринин өнүгүүсунө тоскоол болбойт, бирок, ар бир темперамент өзүнүн калыптануусунда өзгөчө жолду жана ыкма, арганы талап кылат. Темперамент адам мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүнүн бир өбөлгөсүн түзөт.

Сиз кайсы темпераменттеги адамсыз?

САНГВИНИК - эмоционалдуу, башкалардан ишке болгон жөндөмдүүлүгү менен айырмаланат. Ал өзүнө тааныш эмес чөйрөгө тез эле көнүп кетет, демилгечил, оптимист, мамилечил, айланасындагы адамдарга жакшы аура тартуулап турат. Ийгиликсиз нерселерге кабылса, аны оңой жеңип чыгат. Тынчы жок, жаңы таасирленуүлөргө муктаж болуп турат. Жумуштагы иштелип чыккан катуу тартипти сактай албайт, ушуга байланыштуу күчтү, чыдамдуулукту, көңүл бурууну талап кылган жумуштарды майын чыгара жасай албайт. Олуттуу максаты, терең ою болбогондуктан, чыгармачылык ишмердүүлүгү үстүртөн эле болуп калат. Өтө активдүү жана энергиялуу болгондуктан ал жаңы ишти оңой эле алып кетет жана чарчабай көпкө чсйин иштей алат.

ФЛЕГМАТИК - абал курчуп турган учурда деле өзүн токтоо алып жүрөт, камырабайт, шашпайт. Туруктуу, айтканынан кайтпаган көк, кандай учур болбосун, өзүн колго алганды билет. Жумуштун жоопкерчилигин өзүнүн алына жараша алат да, аны аягына чсйин чыгарат. Адамдар менен мамиле түзүүдө баарына бирдей, куру эле сүйлөй бергенди жактырбайт. Аны күлдүрүү да, капалантуу да кыйын. Айланасындагылардын баары каткырып жатса да ал унчукпай отура берет. Же болбосо кандайдыр бир кайгылуу учурларда да өзүн тынч, токтоо алып отурат. Анын мимикасы да, сөз байлыгы да жок. Тапкыч эмсс, жаңы кырдаалга кыйынчылыктар мснен көнөт.

Сунуш кылынуучу кесиптер: механик, электрик, инженер, агроном, айдоочу, илимий ботаник, астроном, физик, математик.

ХОЛЕРИК - башкалардан кескин чечим чыгаруусу менен, маанайынын тезтез алмашып туруусу менен айырмаланат. Өзүн колго алууну билбейт, айланасьшдагылардын таасирлерине берилип, бир жумуштан экинчи жумушка оңой эле секирип кетет. Көнүл борборунда болууну жактырат. Холериктердин ички жашоосу жок болгондуктан, көп учурда аларды бат ачуулануу, өзүн кармай албоо, кызуу кандуулук сапаттары коштоп жүрөт. Стресске оңой менен алдырбагандыгы менен башкалардан айырмаланат. Зарыл болгон учурда алар тез күч топтоп алышат. Бирок бир тараптуу, кызыксыз жумуштарды холериктерге сунуштоонун кажети жок.

Сунуш кылынуучу кесиптер: журналист, артист, дипломат, ишкер, хирург, айдоочу, машыктыруучу, менеджер, куруучу, режиссёр, ашпоз, геолог, электрик ж.б.

МЕЛАНХОЛИК - өзүнө ишенимсиз, тез чарчап, курулай ишектенүүчүлүк сапатка ээ. Уяң, болбогон майда нерселер үчүн да кыжаалаттана берет. Жаңы адамдарга көнүшү кыйын. Кадимки шартта меланхолик терен ойлуу, иштерман, өзүнүн жашоодогу милдеттерин ийгиликтүү аткарат. Ал эми ылайыксыз шартта ал түнт, коркок, тынчы жок адамга айланат. Маанайынын өзгөрүлүшүнүн себебин айланасындагылар оңойчулук менен аңдай алышпайт. Алардын жумушка болгон мамилеси маанайынан түздөн-түз көз каранды. Маанайы көтөрүңкү болсо - кылган жумушу менен элдин баарын таңкалдырышы мүмкүн, маанайы жок болсо - баарына кош көңүл карап коюшат.

Сунуш кылынуучу кесиптер; педагог, искусство ишмери, сүрөтчү, модельер, композитор, жазуучу, геолог, агроном, бухгалтер ж.б.

Темперамент жагынан түгөйүңүзгө төп келесизби?

ХОЛЕРИК-ХОЛЕРИК

Өтө ызы-чуулуу, бака-шака союз. Бул түгөйлөр бири-бирин эң жакшы түшүнүшөт, бирок, бири-бирине жардам беришпейт. Холерик адатта баарын өзү жасоону каалайт, бир холсрик бир нерсени жасай албай жатканда экинчисинин жардам бериши күмөн. Көз караштарынын дал келбөөсү, карама-каршылыктар жана уруш-талаштар, бири-бирин башкарууга аракет кылуулар да болуп турушу мүмкүн. Бул түгөйлөр өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн гана тилектештикке барышат.

Холерик-Флегматик

Эгер холерик менен флегматик баш кошсо, идеалдуу түгөйлер пайда болот. Алар бири-биринде жок сапаттарды толуктап турушат. Холерик флегматик менен өзүн тынч, туруктуу сезет, бирок, ошол эле учурда флегматиктин пассивдүү болушуна жол бербейт, мазасын алып, такай аны башкаруунун аракетинде болот. Холсриктин мүнөзү түшүнүксүз, маанайы беш мүнөттүн ичинде беш жолу өзгөрүлүшү мүмкүн, ага флегматик гана чыдай алат.

Өтө ишкер союз. Холерик - ойлонуп, уюштурат, сангвиник - ишке ашырат. Бирок, бул түгөйлөрдүн бири-бири менен ойлорун алмашуусу талаш-тартышка, атүгүл чыр-чатакка чейин өсүп жетиши мүмкүн. Бирок, кандай гана уруш-талаш оолбосун, сангвиник өнүгүп келаткан карама-каршылыктан өзүн алып качып, мамиленин калыбына келишине шарт түзөт.

САНГВИНИК - САНГВИНИК

Бул түгөйлөр бири-бирин толук түшүнүшөт. Бирок, бири-бирине жардам берүү жагынан жакшы эмес, анткени, алардын күчтүү жактарыда, алсыз жактары да окшош. Бири-бирин башкарууга кылган аракеттеринен улам карама-каршылыктар чыгат. Эриктирме, бир өңчөй союз.

МЕЛАНХОЛИК-ФЛЕГМАТИК

Бул түгөйлөр туруктуу, бир кылка мамиледе өмүр сүрүшөт. Экөө тең такай өздөрүнүн ички дүйнөлөрү менен алек болгондуктан, бири-бирине аз көңүл бөлүшөт. Бири-бирин толук түшүнүшпөйт. Меланхоликке флегматиктин бошоңдугу менен пассивдүүлүгү жакпашы мүмкүн, а флегматикке тесксрисинче, меланхоликтин ашыкча эле тынчы жоктугу жакпашы мүмкүн. Ошого карабай мамиледе оош-кыйыштар болбойт, анткени, экөө тең атаандаштыкка, ызы-чууга жакын эмес.

САНГВИНИК- ФЛЕГМАТИК

Бул түгөйлөр бири-бирин өтө жакшы түшүнүшпөгөнү менен эң жакшы колдошот. Сангвиниктин активдүүлүтү, жумушту сүйгөндүгү флегматиктин акылдуулугу менен кошулганда эң жакшы ишкер кызматташуу келип чыгат. Адатта мындай союзда сангвиник лидерлик кылат, а флегматик ага оңой эле жол бошотуп берип, биринчи болуудан баш тартат.

Эң ылайыксыз түгөйлөр, анткени, бирөөнүн үстүнөн бийлик жүргүзүүнү сүйгөн холерик меланхоликти тез эле «кулга» айландырып алат. Холериктин кылдат мамиле жасабагандыгы сезимтал меланхоликке катуу тийет. Мына ушундан улам ортодо түшүнбөстүктөр пайда болот.

Булак: De-Факто

Последние новости