www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин чиновниктерибиз универсал өзү. Кайсыл тармактан билим алганын, кайсыл тармакта иштегенин, ошол эле учурда ал иш колунан келеби-келбейби, карабай туруп эле кызмат берсе чуркап кете берет. Бул тууралуу жергиликтүү Де-Факто гезити жазып чыкты.

Маселен, өлкөбүздүн күрөө тамырдай негизги тармагы болгон Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Замирбек Аскаров деген жигитти алып келип олтургуздук. Мурда-кийин өзгөчө кырдаалдарга аралашып көрбөгөн балакай билек түрүп ишти баштады.

Анан калса, жогорку билими география мугалими экен. Вице-премьер кезинде тыңыраак иш алып бара албаган, «үлпүлдөк сулуучасынан» созолонгон бул жигит эми ири тармакты кантип тартып кетет деп бизде жан жок. Сарсанаабыз.

Аскердик тартипти талап кылган жерге тиги «географ» кантип жетекчи болот? Кайсыл учур болбосун тактыкты, сактыкты жана кыраакылыкты талап кылган бул министрлик Кубатбек Боронов кеткенден бери жетекчиге жарыбай койду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости