www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айтылуу Аскар Салымбеков 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо катуу жаңылып, Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен бириге койгон эле. Бул тууралуу жергиликтүү Де-Факто гезити жазып чыкты.
Аягында капчыгы кагылып, босогодон өтпөй ай-талаада калды. Тили менен буудай кууруган тапан жигит «чыйт» түкүрүп, өз жолу менен тескери басып кете берди. Ошондон бери чээнге кирген Салымбеков коомчулукка көрүнбөй калды эле, эми кайра башын чыгарганы турат.
Шайлоо жакындап калды да, устуканга ээ болуш керек дегендей. Албетте, Асакен өзү чыга албайт, ага духу жетпейт дегендер бар. Алар жаңылышат, өзү чыга турган болуптур. Маалыматтарга караганда, 2015-жылдары өзү түптөгөн «Мурас» партиясын «тирилткен» жатыптыр.
Оппозицияга да эмес, бийликке да ыктабай, өз алдынча баруу негизги максаты экен. Айтор, Аскар мырзанын акыркы жылдары саясаттан жолу болбой жүрөт. Төө союп түлөө бербесе, быйыл да өтпөй калат го...
Булак: NazarNews.kg