www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүтүндөй аттуу-баштуу кыргыз коомчулугун кыжырын кайнаткан, Кайрат Кыргыз менен Курал Чокоевдин төшөк байланышы бар экенин ачыктаган видеостасмадан кийин социалдык тармак дүң эле дей түшкөн.

Бул көрүнүшкө көпчүлүк талкууга салды. Ага жооп катары Курал Чокоев, “мен өчүрбөймүн, жакпагандар көрбөй өтүп кетсин”, деген эле. Тилекке каршы, так ошол видео тасма ютуб каналынан өчүрүлдү. Азырынча ким өчүрдү, кылыгы кыздыкындай болгон Куралбы же көрүүчүлөр тарабынан даттанууну басышты, айтор белгисиз.  

Баса, кечээ саясатчы, Алмазбек Акматалиев: --“Курал Чокоев жана анын досторунун кылык-жоругу тууралуу! Ушундай ини-карындаштарыма түшүнбөйм да... Сонун жүрүшөт, жакшы сөздөрдү сүйлөшөт, мыкты иштерди уюштурушат...

Анан эле жин ургандай эле тескери сийип коюп отуруп калышат экен... Эй, туугандар, мындай богоостукту көтөргөн бир да Адам коому, мамлекети ЖОК! Сөгүнгүңөр келсе чогулуп алып, бекинип, камераңарды, телефонуңарды өчүрүп коюп, көчүгүңөрдөн көк түтүн чыккыча сөгүнө бергиле да, коомчулукка Рейхстагды алып койгондой мактанып чыгарбай! Уят деген сөздү эч ким жокко чыгара элек, инилерим! Арыдан бери болгула...- деп жазып чыккан эле.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости