www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошто журналистке №5555-шайлоо участогуна кирүүгө тыюу салынганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Алардын айтымында, аталган участоктун төрайымы Айжан Жеңишбек кызы ММКнын өкүлү №5555 шайлоо участкасында алдын-ала алышы керек болгон "уруксат баракчасын" талап кылган.
«Башында төрага эч кандай уруксат кагаздарым жок экендигин айткан. Бар экендигин бир нече жолу кайталадым. 2-3 жолу ал мени кирбе деп участоктон чыгарып кетти. Башка журналисттер келип, медиа өкүлдөрү мыйзамдуу түрдө шайлоо процессин чагылдырууга укуктуубуз деп айткандан кийин гана ал уруксат берди. Кийинчерээк гана мен келген учурда электрондук урна иштебей калгандыгы белгилүү болду», - дейт журналист.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg