www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда эле бир адамдын пайдасына мыйзам бузуулар болгон», - дейт талапкер Адахан Мадумаров. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-январда, добуш берген соң, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

«Шайлоонун таза өтпөй жатканын кечээтен бери сиздер деле көрүп жатасыздар. Кыргызстандын бардык жеринде көчмө урна менен добуш берүүдө мыйзам бузуу көп болду. Мындай жапайычылыкты эгемен алгандан бери көрө элекпиз. Анын баарына коомчулук баа берет.

Үгүт иштери учурунда одоно мыйзам бузуулар болуп жатты. Биз бир нече талапкерлер маалымат жыйын куруп, далилдер менен айтып бергенбиз.

Бирок, БШК, сот органдары эч кандай чара көрүшкөн жок. Эгерде мен шайлоодон жеңип чыксам, анда 5-октябрдан кийин кабыл алынган чечимдерди жокко чыгарып, өлкөнү укуктук талаага кайтарып келем», - деген ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости