www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызыл-Кыя шаарындагы көчөлөрдүн биринде 2020-жылдын 3-сентябрь күнү  жашы 35-40 чамасындагы, азиат улутундагы атуул денесинен оор жараат алып, Кызыл-Кыя шаарындагы аймактык ооруканасына жеткирилген. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишинин негизинде ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлөт. 

Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу 36жаштагы Өзбек Республикасынын Таш-Дөбө анклавынын тургуну экендиги аныкталып, ал 3-сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаарында мас абалында, баш жагында оор жарааттары менен жаткан жеринен ошол жерде өтүп бара жаткан атуулдар, Кызыл-Кыя шаарынын аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткиргендиги аныкталды. Жабырлануучу алган жараатынан улам 4-сентябрга өткөн түнү каза болгон. 
Бул өндүрүш иши кылмыштын квалификациясы КРнын Жазык кодексинин 138-беренеси мен өзгөртүлүп, каза болгон жаранга соттук- медициналык экспертизалар дайындалат. 

Бул факты боюнча Кызыл-Кыя ШИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Кызыл-Кыя шаарынын 30 жаштагы М.Н. аттуу тургунун Кызыл-кыя шаарында үйүнөн жашынып жаткан жеринен аныктап кармап убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости